- Самсаалы мырза, "Кумтөргө" Кыргызстан ээлик кылып туура кылдыбы же калпыстыкка жол берип алдыбы? Бийликтин ал аракетин мактаганы да, сындаганы да көп болуп жатат го?                                                                                                                        

- Эсимде, тээ 2002-жылы эле элдин ошондогу Акаев башында турган бийликке койгон эң чоң талаптарынын бири «Бийлик "Кумтөр" алтын кенин кыргыз элинин пайдасына иштетсин»- деген талап болчу! 

Бирок, кашайып ал талап арадан дээрлик 20 жыл өтүп гана ишке ашты. Буга чейинки 2005-жылкы, 2010-жылкы дагы бийлик башына келген топтун духу  "Кумтөр" кенин элдин карамагына алууга  жеткен эмес. Бул факт. 

Тескерисинче, бийликке келээр замат "Кумтөрду" иштеткен канадалык Centerra Gold Inc. компаниясына адвокат болуп чыга келишчү. Бул да чындык. 

Элдин да, бүгүнкү бийликтин да эң чоң жеңиши - "Кумтөрдү" эл аралык шылуун Centerra Gold Inc. компаниясынан өз карамагыбызга ала алганыбыз болду! 

Улут катары баш көтөрүп, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгардык дегенчелик иш болду. 

Бул иш аракетибиз - улутубуздун башталыш ийгилиги катары бааланып, ийгилигибиздин башаты болуп калсын деп тилек кылалы! 

Алга Кыргызстан!  Ырыс алды-ынтымак!