Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 180

- Президенттин Душанбеге барып, чек ара жана кыргыз-тажик согушундагы маселелрди талкуулап, мамлекетке пайдалуу чечим кабыл алып келгени маанилуубу же согуш ачкан башчыга барбашы керекпи?

- Ажобуздун коңшу мамлекетке баруусу өтө маанилүү маселе. Түшүндүрүп берейин. Учурда, өткөндөгү чек-арадагы болгон конфликттен соң элдин арасында болгон нааразычылык азыр деле бар. Андан тышкары кошунабыз, өзү бар экенин улам-улам эстетип жатат, маал-маалы менен келишимдерди бузгансып анан кайра артка чегинип. Ошолорду эске алганда, айрым биздин мекендештер Садыр Жапаровдун Душанбеге барбай, үчүнчү тараптын аймагында сүйлөшүүлөрдү биринчи раундун өткөрсө деген кыялдары бар. Бирок, мамлекеттик иштер менин-сиздердин кыялдардан көз каранды эмес, биз билбеген, көшөгөнүн ары жагында болгон өтө татаал геосаясий жана мамлекеттик коопсуздукка, аймактык туруктуулукка тиешеси бар маселелер, жагдайлар бар. Ошондуктан мен ойлойм, расмий эмес эки тараптан тышкары, кеңири жана мазмундуу кеңешүүлөр болгондон соң Садыр Жапаров Тажикстанга баруу чечимин кабыл алса керек.

Андан тышкары дагы бир өтө маанилүү момент бар. Кандай гана болбосун, биздин кошуналар орундарында кала   берет, алар эч жакка көчүп кетпейт, биздин маңдайыбызга ушундай кошуналарды Жараткан жазып коюптур. Кыргызда жакшы сөз бар – "таш менен урганды аш менен ур", ошондуктан, каалайбызбы-каалабайбызбы алар менен диалогго барып, болгон оор көйгөйлүү маселелерибизди Кыргызстан дипломаттык жол менен гана чечүү керек,  андан башка жол регионалдык туңгуюкка гана алып келет.