-Акылбек Жапаров вакцина албагандарга айлык бербөөнү сунуштады. Анын бул сунушун колдоого татыйбы же жокпу?
-Албетте, Акылбек Жапаровдун бул демилгеси кызуу талкууну жаратат. Анткени, өз маалында өлкөдөгү малдын баарын идентификациялоо керек дегенде, эл-журт аны шылдыңдап, койлорго паспорт керек экен деп, түшүнбөй тамашага салышкан. Бирок, мезгил көргөздү, анын ошол учурдагы сунушу туура экенин, азыр бир топ мамлекеттерде мал-жандыктарга, керек болсо ит-мышыктарга чейин индивидуалдуу чиптерди коюшат. Ал болсо мамлекетте так канча мал бар экенин маалымат берет жана айыл-чарба секторун өзгөрүү динамикасын анализдөөгө жана прогноздоого жакшы шарт түзүп берет. Бизде болсо али эски ыкма менен гана каттоодо, ал система эскирип калган, ошого ылайык айыл чарбада өйдө-ылдый болуп системалашпай келе жатат. Эми вакцинация боюнча айта турган болсом, анын сунушу мамлекеттик-муниципалдык жана бюджеттик кызматкерлерди милдеттүү түрдө вакцинацияга ыктоо жаатында берилип жаткан ой. Бирок, мыйзамдарга ылайык ал канчалык ишке ашат айтыш оор. Себеби, Эмгек кодексине карама-каршы келип калышы ыктмал, Өкмөт эле чийки токтом чыгара калбаса, ишке ашуу күмөндүү. Бул демилге ыктыярдуу болушу керек го, ар бир жаран өз атуулдук милдетин аткарып, эпидемиялык коопсуздукту камсыздоо алкагында жана өзүнүн жакындарын коопсуздугун кепилдетип берүү багытында өзү түздөн-түз мажбурланбай кылыш керек. Ал эми ал үчүн, айлыгын бербей кою, өзгөчө азыркы терең экономикалык кризис маалында карапайым калктын оорлотуп, бийликтин атаандаштарына ички саясий кырдаалды татаалдаштырганга жол ачып берет. Бул демилгени толук кандуу ишке ашыруу үчүн менимче, минимум адекваттуу жана жеткиликтүү маалыматтык компания керек деп ойлойм. Жыйынтыктап айтканда, кадам таштоого чейин баардык факторлорду эске алып “шашочный” ыкмадан алысыраак болуп анан ишке өтүү керек го.