Президент Садыр Жапаровдун чакан ГЭСтерге байланыштуу Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине берген тапшырмасын аткарылды.
Эске салсак, 2021-жылдын 23-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун ишкерлер коомчулугу менен болгон жолугушуусунда, Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине чакан ГЭСтерден электр энергиясын сатып алуу маселесин эки күндүн ичинде чечүү тапшырмасын берген.
Бул маселени ишкер Рахатбек Ирсалиев көтөргөн.
Бул тапшырманы ишке ашыруунун үчүн Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинде энергетикалык компаниялардын, Мамлекеттик Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу агенттигинин жетекчилиги ишкер Рахатбек Ирсалиев жана “Импекс Трейд” ЖЧКсынын (Сокулук ГЭС2) өкүлү менен жолугуп, анда Чакан ГЭСтердин иши боюнча маселе талкууланган.
Жолугушуунун жыйынтыгында «Чыгышэлектр» ААК менен «Ак-Терек ГЭС» ЖЧКсынын, «Ала-Баш ГЭС» ЖЧКсынын, «Тоң ГЭСи» ЖЧКсынын ортосунда электр энерегиясын сатып алуу жөнүндө келишим түзүлдү.
Муну менен катар «Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоорду демилгелөө чечими кабыл алынды.
Ошондой эле «Түндүк электр» ААК менен «Импекс Трейд» ЖЧКнын жана Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен «Импекс Трейд» ЖЧКнын ортосунда чакан гидроэлектростанция курууну ашыруу жөнүндө келишимге кол коюлду.
2021-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен «Ак-Терек ГЭС» ЖЧКнын, «Ала-Баш ГЭС» ЖЧКнын, «Тоң ГЭС» ЖЧКнын ортосунда долбоорлорду ишке жөнүндө макулдашууларга кол коюлгандыгын белгилейбиз.