- Төлөгөн агай, бул жолу үч шаарга кайра  шайлоо күнү жарыяланды. Мыйзам бузган талапкерлер жана партиялар шайлоодон четтетилип, таза шайлоого багыт алдык дегенге  ынансак  болобу?

- Жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо Бишкек, Ош шаарларында админстративдик ресурс колдонуу, добуш сатып алуу боюнча көп кылмыштар ачылбай, ага күнөөлү болгон тараптар жазасыз калган. Шайлоого катышкан партиялар шайлоо фондунан сырткары миллиондогон каражаттарды сарптап, добуш сатып алууга, сый –тамак берүүгө коротушуп, миңдеген  үгүтчү,  байкоочуларга айлык берип иштетишти. Алардын артында чоң саясий күчтөр тургандыктан, кайра эле ошол талапкерлер шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Айрым партиялардын жана талапкерлердин мыйзамсыз иштери байкалып калып, шайлоодон четтетилгендери менен алар башкаларына мыйзам бузуу жолдору менен каржылык, добуш сатып алуу жана башка жардамдарын берүү иштерин уланта беришет деген ойдомун.

- Мындай эки жүздүү саясатчыларды чектеп, шайлоого катышуу укугунан ажыратып  койсо болбойбу?

- Негизи, саясий партия -көз караштары, максаттары окшош адамдар бириккен саясий уюм болуп эсептелет. Партиядан партияга өткөндөр   эки жүздүүлөр, мамлекет, элдин кызыкчылыгынан өздөрүнүн  кызыкчылыгын жогору койгон бир байкуш адамдар. Алар эч убакта оппозициялык маанайдагы партияларга мүчө болушпайт. Кандай бийлик келсе, ошолордун партиясына кызмат кылышат. Бийликтен кеткен партиялардан эртеси жоголушат.

- Мыйзамсыз баюу менен күрөшүүгө оюңуз кандай, болуп жаткан аракеттерди кандай кабыл алуудасыз?

- Биздин өлкөдө мыйзамдарыбыз, башкаруу системабыз мыйзамсыз баюуга, коррупцияга жол берет, кустуруу менен кошо коррупцияга жол ачкан системага, мыйзамдарга экспертиза жүргүзүп бөгөт коюу зарыл. Андай болбосо мыйзамсыз көрүнүштөр токтобойт, бийликтин кадыр-баркын түшүрөт.

- “Кумтөр” боюнча камакка алынгандарды колдогондор да табылды, буга эмне дейсиз?

- “Кумтөр” боюнча камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаттары, мурдагы өкмөт башчы, министрлерге карата тергөө иштери  башталды, тергөөнүн жүрүшүндө аларга карата коюлган фактылар далилденсе  жазасыз  калышпайт. Алардын тууган - уругу, достору, жакындары аларды эл уулу дегени менен коомчулук ишенбейт. Соттук териштирүү башталганда көп мыйзам бузуу фактылары ачыкталат. “Эч бир кагазга кол койгон эмесмин, менин камалышым  саясат” дегендерине  макул эмесмин. Анткени, өлкөгө зыяндуу “Кумтөргө” байланыштуу ченемдик актыларды жокко чыгарууга карата кызмат абалдарынан пайдаланып кол коюшкан эмес, кээ бири өлкөгө чыккынчылык кылышып өлкөнүн эмес, “Кумтөрдү” иштеткен компаниянын кызыкчылыгына иштеген.

- Президенттин логистикалык борбор курабыз деген аракети да сынга кабылды. Логистикалык борбордун пайдасынан зыяны көп болобу?

- Логистикалык борбор курулса мамлекет, ишкер, дыйкандар үчүн көп пайда алып келмек. Бирок логистикалык борбор  Ат-Башыга курулса Кыргызстандын пайдасына иштейби же Кытайдын пайдасына иштейби  деген маселе бар. Кыргызстандын элине кызмат кыла турган болсо анда, логистикалык борбор  темир жол жайгашкан Ыссык-Көл,Талас (Маймак),Кара-Суу районуна курулуш керек.

- Эмне үчүн инвесторлор  Ат-Башыны тандашты?

- Анын да себеби бардай. Алар Кытайдан келген азык-түлүк,  башка товарларды логистикалык борбор аркылуу Кыргызстандын атынан дүйнөлүк базарга чыгарууга умтулушат. Алар ушуга басым коюп жатышкансыйт.

Булак: “Майдан. kg” гезити