- Ташболот агай, эски коррупционерлерден арылыш үчүн мыйзамсыз байыгандар менен күрөштү күчөтүп, “кустурууну” улантыш керекпи?

- Эски коррупционерлерди “кустурууну” жаңы коррупционерлерге эскертүү деп түшүнүшүбүз керек. Ошондой эле,  аны дагы улантышыбыз керек. Ошол эле учурда жаңы коррупционерлер пайда болбосун десек, системаны да оңдошубуз керек. Тагыраагы, системаны оңдоо менен катар  “кустурууну” кошо алып жүрүш  керек.  Антпесек, жаңы оррупционерлер эскилерден сабак албай калышы толук мүмкүн.

- Эмне үчүн кыргыз саясатында камакка алынгандардын баары эле заматта эл уулу болуп чыга  келет?

- Камалгандарды эл уулу деп, боштондугун талап кылгандар – алардын санаалаштары, кошуналары, жердештери, кыйбастары. Негизи бул нерсе  кыргыздар  көпкө чейин арыла албай турган адат. Мамлекетке зыян келтиргендерди эле эмес, адам өлтүрүп койсо деле бул жакшы жигит, биздин жигит деп коргой  беришет. Ошондуктан, мен бул маселеге олутту кароонун кереги жок деп эсептейм.

- Логистикалык борбрлор айрым жерлерде курула баштады. Кээ бир жерде куруу пландалууда. Алар экономиканы көтөрүүгө салым кошо алабы?

- Мен эксперт эмесмин. Ошондуктан, бул маселенин күңгөй - тескейин анчалык биле бербейм. Бирок логистикалык борборлор Кыргызстанга керек деген ойдомун. Себеби, Кытай менен соода сатыкты, экономиканы көтөрүү үчүн логистикалык борборлор зарыл. Бирок Ат-Башыгабы же Нарынга куруу керекпи бул маселени экономикалык жактан эсептеп чыгып, Кыргызстанга пайдасы көбүрөөк, зыяны, чыгымы азыраак болсо куруу туура болот деген ойдомун.

- Эмнеге бир партиядан экинчи партияга өтө качуу бизде адат болуп калды? Таза шайлоо болуш үчүн мыйзам бузган талапкерлер да партия менен кошо шайлоодон четтетилиши керекпи?

- Кыргызстанда партия деген жок. Талапкерлерди тешиктен кууп чыкса, эшиктен кирет. Эшиктен кууп чыкса тешиктен кирет. Партиянын саны 250 болгондуктан, Кыргызстанда партия деффицит эмес. Ошондуктан,  шайлоону бузган партиянын мүчөсү башка партиядан  талапкерлер боло турган укугун чектешибиз керек.  БШК анализдеп туруп:  “Сен тиги  партия менен шайлоого катышкансың. Партия мыйзам бузуп, шайлоодон четтетилген. Ошондуктан, бул сапар  кара тизмеге киргенсиң”, - деп койсо болот. Кыскасы, ага эрк жана элементардуу логика керек. Ошондо гана саясатчылар бир партиядан экинчи партияга  кирип кеткен адаттан арылышып,  мыйзам бузган партиядан экинчи партияга барып, ак каргадай таасир  калтырышып, элди алдай алышмак эмес.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити