Орусиянын Президенти Владимир Путин менен АКШнын Президенти Джо Байдендин 16-июнда Женевада өткөрүлгөн жолугушуусунун алдында жана жолугушуу өткөндөн кийин серепчилер, саясатка кайдыгер карабагандар тарабынан ар кандай пикирлер айтылды. “Эки өлкөнүн ортосундагы көйгөйлүү маселелер чечилбеди”, “эл аралык мамилелерде жылыш жасалбады”, атүгүл, “жолугушууда Борбордук Азиядагы маселелер талкууланбады” дегендер да болду. Бул эки державанын ортосундагы күндөн күнгө курчуп бараткан түйүндүү маселелерди, жолугушуунун максатын түшүнбөгөндөн улам айтылды десек болот. Анткени, эки лидер андай маселелерди талкуулоо жөнүндө ойлошкон, болжошкон да эмес. Экөөсүнүн жолугушуусунун максаты эмнеде эле?

Джо Байден жыл башында В.Путинди адам өлтүргүчкө теңегенден кийин Россия АКШдагы элчиси А.Антоновду “кеңешүү үчүн” деген шылтоо менен чакырып алып, АКШнын Москвадагы элчиси Джон Салливанга Вашингтонго “кеңешүүгө барууну” сунуш кылган. Ал дипломатиянын тилинде “сен да Россиядан чыгып кет” дегендин өзү болчу. Эки держава үч ай элчилерсиз, эки өлкөнүн ортосунда жогорку деңгээлдеги дипломатиялык байланыштарсыз жашашты. Андай көрүнүш кансыз согуш кызып турган мезгилде да болгон эмес. Демек, биринчи кезекте эки лидер дипломатиялык байланыштарды толук калыбына келтирип, анан бири-бири менен таанышып, өз ара кинээлерин айтып, баш терилерин байкаштыруу үчүн гана жолугушкандыгы талашсыз.  Жолугушуу бир жагынан Джо Байден үчүн вуалдаштырган түрдө В.Путинден жыл башындагы олдоксон сөздөрү үчүн кечирим суроонун формасы болсо, В.Путин үчүн өзүнүн андай сөздөргө нааразы экендигин билдирип коюунун шылтоосу болду. Джо Байдендин көшөгөлөнгөн түрдө кечирим сурагандыгын  Түндүк-2 газ трубасын курууну аягына чыгарууга каршы эместигин билдиргендиги аны ырастады. Буга чейин ага АКШнын бардык жетекчилери каршы болуп келишсе, негедир аны Джо Байден колдоду. Бул анын Владимир Путинге жасаган реверансы болду. Аны АКШнын президенти тарабынан жасалган акыркы реверанс десек жаңылбайбыз.  Мындан ары ал тараптан андай реверанстар болбойт.

Эки тараптуу жолугушуу Джо Байдендин демилгеси менен ишке ашты. Ал учурдан пайдаланып Россиянын хакерлеринин АКШнын шайлоолоруна кийлигишип,  мамлекеттик мекемелеринин жашыруун маалыматтарын уурдоого аракеттенгендерин, эгерде андай көрүнүштөр дагы кайталанса, адекваттуу жооптор боло тургандыгын, ошондой эле Навальный түрмөдө өлүп калса, Россияга дагы кошумча санкциялар киргизилерин эскертти. Барак Обаманын убагында Россия Крымды аннексиялап алгандыгы үчүн нефти-газдардын корлорун чалгындоо боюнча алдыңкы технологияларына эмбарго жарыялады эле, Россиянын Түндүк муз океаны тарапта нефти-газдарды чалгындап, бургулоо иштеринин баары токтоп калды. Анткени, океандардын түптөрүндөгү кен байлыктарын бургулап, аныктоочу технологиялар АКШда гана чыгарылат. Башка өлкөлөр андай технологияларга ээ болуша  элек.

Эми жолугушуудан кийин  эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин абалы кандай болот? Жакшырабы же мындан ары мурдагыдан да начарлайбы?

Ачыгын  айтсак, жакынкы жылдарда АКШ менен Россиянын ортосундагы саясый, экономикалык мамилелердин кескин жакшырып кетиши кыйын. Анткени, Россиянын кийлигишүүсү менен Украинанын эки облусу сепаратисттердин колдоруна өтүп, Крым аннексияланган, ички саясый оппоненттерге карата катаал репрессиялык чаралар көрүлө баштаган соң Россия “кызыл сызыктан” өтүп кетти. Эми кайра артына кайтуусу абдан кыйын. АКШда демократтар адам укуктарынын сакталуусуна өзгөчө басым жасашса, республикачылардын чоң бизнести өнүктүрүп, коргоого аракеттенишери мурдатан белгилүү. Демек, Россияда адам укуктарын сактоодо, Украина боюнча Минск макулдашуусунун талаптарын аткарууда позитивдүү жылыштар болмоюнча Джо Байдендин администрациясы менен Россиянын мамилеси жакшырбайт.

В.Путинди адам өлтүргүчкө теңеген сөздөр АКШда биринчи айтылып жаткан жок. Кенже Джордж Бушка убагында журналисттер “Владимир Путин кандай адам экен?”- деген суроо беришсе, “көздөрү адам өлтүргүчтүкүнө окшош экен” деп жооп берген. Ал эми Грузиянын ошол убактагы президенти жөнүндө “мага анын баарынан да көздөрү жакты” дегени эсибизде. Лидерлердин мындай жекече таасирлери, мамилелери өлкөлөрдүн ортосундагы байланыштарда, мамилелерде аябагандай чоң роль ойнойт.

Россия өз ыктыяры менен эч качан Крымды Украинага кайтарып бербейт. Эки облустан да өз ыктыяры менен ажырашы кыйын. Биротоло батышчыл болуп бараткан Украинаны жазалоо үчүн андай чараларды колдонгон. Андай көрүнүштөргө АКШ эч качан макул болбойт. Джо Байден жолугушууда эскертүүлөрүн, алардын потенциалдуу кесепеттерин айтты. Владимир Путин аны моюндабайт, кайра өчөшкөндөй иштерди жасоосу да ыктымал. Демек, жолугушуудан кийин эки өлкөнүн мамилеси биротоло начарлап, 1960-жылдардын башталышындагы кансыз согуштун абалына жетип калуусу толук мүмкүн болуп баратат. АКШ буга чейин Россияга карата эң эле жеңил, негизинен эскертүү мүнөзүндөгү  санкцияларды киргизип келди. Ал эми АКШнын резервинде кандай мамлекетти болбосун туңгуюкка такап, ХХI кылымдан ХХ кылымга ыргытып жибере турган санкциялык потенциалдар бар. Анын эң оор формалары -  дүйнөлүк интернеттик, банктык системалардан чыгарып салуу. Бирок, эки өлкөнүн ортосундагы тирешүү ага жетпейт деп ойлойбуз.

Азыр ЖМКларда АКШ Ооганстандан аскерлерин чыгарып кеткенден кийин Борбордук Азиянын бир жерине аскердик базасын жайгаштыруусу мүмкүн, анын варианты катары “Манас” эл аралык аэропорту каралып жаткандыгы жөнүндө да божомолдор айтылууда. АКШнын администрациясында андай вариант да болушу ыктымал, бирок ага Россия менен Кытай макул болобу? Кеп ушунда. Анткени, 2012-жылы АКШ авиабазасын Россия менен Кытайдын Кыргызстанга жасаган басымынан, кысымынан чыгарып кеткен, ал үчүн эки өлкө бизге ири суммадагы гранттарды, кредиттерди берген. Курманбек Бакиев баласынын тили менен АКШнын авиабазасын Кыргызстандан чыгарбай койгондугу үчүн куулган. Анын тагдырын азыркылар кайталагылары келеби? Келбейт. Кытай, Россия АКШ  “Манастагы” авиабазасындагы атайын учактарынын жардамы менен эки өлкөнүн аймагында чалгындоо иштерин да жүргүзүшөт деп шектенишкен. Эгерде АКШнын авиабазасы жакшы ижара акысы менен  “Манаска” кайра келсе, биз үчүн абдан пайдалуу болот. Тилекке каршы, анын ишке ашуусу абдан кыйын. Бирок, тилекке каршы, бизге пайдалуулардын тагдыры деле Москва менен Пекинде чечилет.

Мирлан Дүйшөнбаев, Булак: “Майдан. kg” гезити