Башкалар кандай ойлошот, билбейбиз, бирок биз үчүн президенттин Нарын облусуна жасаган иш сапарындагы эң башкы жыйынтык - Ат-Башыга логистикалык борборду куруу маселеси боюнча эл менен акылдашып, элдин ал жыйында логистикалык борборду курууну колдогондугу болду. Ал маселе мурда эле көтөрүлүп, өз базарларынын зыян тартуусунан чочулаган айрымдардын шыкактарынан улам эл каршы чыгып, жакшы долбоор ишке ашырылбай калган.
Чындыгында 30 миң же Нарын облусундагы ишке жарактуулардын үчтөн бирин туруктуу жумуш менен камсыз кылып, Ат-Башынын инфратүзүмдөрүн ойго түгүл, түшкө кирбей тургандай өнүктүрө турган долбоордун үзүрүн биринчи кезекте нарындыктар көрүшмөк, аны менен республикалык, жергиликтүү бюджеттерге сезилерлик каражаттар түшмөк. Президенттин ал долбоорго кайрылып, элдин макулдугун алгандыгы кубандырарлык иш. Ал долбоор ишке ашса, Бишкектин да жүгүн жеңилдетмек. Кытайдын, ата-мекендик ишкерлердин оор жүктөрдү тарткан автоунаалары Кыргызстанды аралабастан жүктөрүн ошерге түшүрүп, андан бер жактарга майда автоунаалар менен ташылып, таркатыла бермек.
Президент нарындыктар менен жолугушуусунда мамлекеттик фондудагы жерлерди трансформациялоо, электр энергияларынын тарифтери, калкты таза суу менен камсыз кылуу, социалдык инфратүзүмдөрдү өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын реформалоо, айыл чарба продукцияларын өндүрүүнү көбөйтүү, ишкерлерге жана фермерлерге берилчү кредиттердин үстөктөрүн төмөндөтүү, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү, сырттан инвестицияларды тартууну жакшыртуу боюнча да эл менен баарлашты. Чындыгында жылдан жылга эл көбөйүп, жаш үй-бүлөлөр үчүн турак жай курганга жер калбай баратат. Айрым аймактарда участок алганга кезекке тургандардын саны 1 миңден ашып кеткен айыл өкмөттөрү бар. Аларга жер участоктору берилбесе, башка жакка ооп кеткенге каалоолору, шарттары болбосо, алардын тиричиликтери, келечектери кандай болот? Жер мамлекеттин байлыгы, эң кымбат нерсе. Бирок, эл жерден да кымбат. Ошон үчүн Нарында гана эмес, республикабыздын башка аймактарында да мамлекеттик фондудагы жерлерди трансформациялоо маселесин чечүү жеңилдетилбесе, калктын көпчүлүгүнүн социалдык абалдары оорлоп баратат. Ал эми электр энергиясынын тарифтерин көтөрүү- элдин аярлуу катмарын каржылык жактан колдоо менен бирдикте чечилиши керек. Бул жагынан Данияр Үсөновдун өкмөтүнүн токтомунун долбоору туура болгон. Уялбай эле ошону алып, айрым алымча-кошумчалары менен кабыл алуу керек. Болбосо электр энергиясын өндүрүп, керектөөчүлөргө жеткирген ишканалар банкроттук абалга жакындап калышты. Электр энергияларынын тарифтери жогорулатылганда Өкмөт социалдык жактан аярлуу катмардагыларга каржылык колдоолорду киргизсин, ал эми байлар канча болсо да эч кандай жеңилдиксиз нак акчалары менен төлөй беришсин. Биздин Баш мыйзамда жазылган “социалдык мамлекеттин”, дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө нормага айланган социалдык саясаттын негизги принциби ошол. Байлар кедейлерге түз жана кыйыр түрдө бардык учурларда жардамдашуусу, колдоо көрсөтүп туруусу зарыл. “Социалдык өлкө” дегенди кагазда эле калтырбастан ишке ашыруу да керек.
Президент жолугушууда мындан ары “Кумтөрдөн” алынган таза кирешелердин 0,6 пайызы Нарын облусун өнүктүрүү фондусуна которуларын билдирди. Эгерде “Кумтөр” ишканасынан орто эсеп менен бир жылда 300-350 миллион доллар таза киреше алынса, анын 0,6 пайызы - 2 миллион долларга жакын болот. Бул чакан облус үчүн чоң көмөк болору шексиз. Ошентсе да түз жана кыйыр түрдө Ат-Башыда курула турган логистикалык борбор нарындыктар үчүн андан чоң пайда алып келгени турат. Анткени, логистикалык борборду курууга жүздөгөн жумушчулар тартылса, ал бүткөндөн кийин андан көп жумушчу орундар ачылат. Жергиликтүү калк өндүргөн азык-түлүктөр, продукциялар мурдагыдан кымбатыраак, тезирээк сатыла баштайт. Кытайдан келген жүк тартуучу автоунаалар бош кетишпейт, колго илингендердин бардыгын сала кетишет. Борбор иштей баштаганда аны тейлөө тармагы да өнүгөт. Бир сөз менен айтканда, ал нарындыктарга түгөнгүс гүлазык болуп калат.
Бирок, өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн долбоорду мурда үзгүлтүккө учуратышкандар бул жолу да жөн жатышпайт деп ойлойбуз. Алар жергиликтүүлөрдү дагы шыкактап, ар нерселерди таркатып, пикеттерди, митингдерди уюштуруп, дагы ага бут тосууга аракеттенишеринен шектенбесек болот. Бирок, эл деле жаш балдардан эмес, күнүмдүк 1-2 миң сом акча, бекер таркатылган ичимдиктерге алданып, дагы логистикалык борбордун курулушуна каршы чыгышса, ал өздөрүнө гана эмес, балдарына, неберелерине да жасаган кыянаттык болот. Анткени, логистикалык борбордун чыныгы үзүрүн кийинкилер көрүшөт. Ат-Башыга тогуз жолдун тоомунда деп айтарлык өзүнчө гүлдөгөн шаарга айлануу келечеги ачылганы турат.
Президент жолугушууда эгерде жергиликтүүлөр дагы борборго каршы чыгышса, анын башка жерге курула тургандыгын ачык эле эскертти. Ошондуктан жергиликтүүлөр утурумдук бекер нерселерге алданышпастан, өздөрүнүн, балдарынын келечектерин ойлоп, долбоорду колдошсо дейбиз. Биз элдин турмуш тиричиликтерин жакшырта турган потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрүн бардыгын пайдалансак гана оңолобуз, антпесек кутум саясатчылардын шыкагында чөп кайтарган итке окшоп, арылдап-жарылдап, шилекейибизди шимирип отура беребиз.
Мирлан Дүйшөнбаев, Булак: “Майдан. kg” гезити