- Ат-Башыга логистикалык борбор куруудан мурда өкмөт баардык шарттарды карап, эсептеп көрүш керек. Маселен, логистикалык борбор кура турган жер ыңгайлуу жердеби, элге пайдасы тийе турган кандай шарттары бар? Кургандан кийин иштеп кетеби, мына ошол жактарына маани бериши керек.
“Мындан зыян болот” деп кооптонбой деле койсок болот. Эгер курулган борбор иштебей калса - курган тарап чоң чыгым болот, ошондой эле таштанды көп болушу мүмкүн. Негизи эле биздин эл өтө эле саясатташып кетти. Өкмөт эгерде көзү жетип аткан иш болсо, эч кандай элден сурабай эле кай жерге болбосун ишканаларды курушу керек. “Эл менен сүйлөшөт элем”- деп отурса эч нерсе болбойт! Элдин баары эле адис эмес. Ошондуктан, башка ар кандай күчтөр сабатсыз элди курал катары колдонууга аракет жасайт. Өкмөт буларга карабай, ишти илгерилете бериши керек. Эгер чечкиндүү чечимдерге бара албаса, андай өкмөттүн эмне кереги бар?
Булак: “Майдан. kg” гезити