Кыргызстандын убактылуу кармоочу жайларында жана түрмөлөрүндө оор салмактагы саясатчылар, супер байлар күндөн күнгө көбөйүүдө. Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабанов, Асылбек Жээнбеков, Асылбек Баатырбеков, Исхак Пирматов, Тайырбек Сарпашов...

“Кумтөрдөгү” афералар, коррупциялык башка кылмыштар боюнча шектелип, кармалып, камалгандардын сандары ондон ашат. “Кумтөр” боюнча тергеп, тескеп, иликтөө иштеринин жүрүшүндө сөзсүз буларга дагы жаңылары кошулат. Анткени, “Кумтөрдөн” ооз басты, көз кысты алгандар, тилекке каршы, аз эмес. Же Кыргызстандын эң жогорку чөйрөдөгү элитасынын дээрлик бардыгы 1994-жылдан бери “Кумтөрдүн” эсебинен маарып келатышкандары эч кимге жашыруун эмес. Эгерде андай болбосо, “Центерра” менен келишим он жолу кайра каралып, ар каралган сайын Кыргызстандын “Кумтөрдөгү” үлүшү азайып турбайт болчу. Салмактуу “колушутугу” болбосо, ким эле өз өлкөсүнүн кызыкчылыктарына каршы келе турган келишимдерге кол койсун. Бирок, “жашылбайлар” жамырап чыкканда, “малды көргөндө молдо да жолдон чыгат” дегендей, каржылык чоң кызыкчылык жаралса, жогорку даражадагы мамчиновниктердин арасында элге, өлкөгө чыккынчылык кылгандары аз болбойт экен. Бирок, “кыңыр иш кыркы жылдан кийин болсо да билинет” дегендей, эми алардын баары ашкереленип, аферага аралашкандар “темир билериктерди” тагынышууда.

Буларга башка коррупциялык иштер менен кармалган байлар, мамчиновниктер да кошулушууда. Мына ушундан улам айрымдар кармалгандар, камалгандар биригип алышып, күздө же жазда азыркы бийликтен реванш алганга аракеттенишпейби деген шектерин айтышууда. Чындыгында эле буга чейинки тополоңдордүн, өнкөрүш-төңкөрүштөрдүн, пикет-митингдердин, жүрүштөрдүн дээрлик бардыгын жергиликтүү байлардын, сырттан кызыкдар болгондордун акчалары жасап келгендиги эч кимге жашыруун эмес. Бизде акчасы төлөнбөсө, дүжүр катын-калачтар, элпек балдар кыздар, дүжүр абышка-кемпирлер көчөгө чыкмак түгүл, мышыктар деле  куйруктарын кыймылдатышпайт. Эгерде абакта жаткан супер байлар “обшакка” олчойгон акча чогултушуп, сырттан жакшы дирижёрлордон табышса, бийликти солкулдатуу аракеттери сөзсүз болбой койбойт. Кокус, сырттан кызыкдар капчыктуулар табылса, аны эки эселенген демде ишке ашырууга аракеттер жасалышы толук ыктымал.

Теориялык жактан кармалгандардын, камалгандардын биригип, азыркы бийликти алып түшүүгө аракет кылуу мүмкүнчүлүктөрү бар. Бирок, ал өтө эле гипотетикалык деңгээлдеги мүмкүнчүлүк. Анткени, иш жүзүндө кармалгандардын, камалгандардын баары биригиши, чогуу аракет кылышы күмөн. Анткени, Жээнбековдордун АША менен кайнаса кандары кошулбайт, Бабановдун деле АШАга же Жээнбековдорго жакындоосу кыйын. Бирок, айрым байлар эч кандай бирикпей этпей, эки-үчөөсү сүйлөшүп алып эле, сырттагы дирижёрлорду керегинче каржылашып, андай деструктивдүү аракеттерди жасашы толук мүмкүн. Тилекке каршы, негизги азык-түлүктөрдүн, курулуш материалдарынын бааларынын өсүүсү эл арасында нааразылыктарды жаратып жаткандыгы эч кимге жашыруун эмес. Эгерде баалардын өсүшү, инфляция турукташпаса, экономикада жылыштар болбосо, андай нааразылыктарды өөрчүтүп, саясый түскө айландырууга ыңгайлуу социалдык база түзүлө баштайт. Анткени, ар адам бийликтин,  жогорку жетекчилердин иштерин өзүнүн  акыркы айлардагы турмуш шартына, киреше-чыгашасына жараша баалайт. Эгерде айлыгы көбөйүп, кирешеси аз да болсо артып, тиричилиги жакшырса, ал бийликти колдойт. Биртке тапканын күндөлүк тиричилигине жеткире албай кыйналса, сөзсүз бийликтегилерге гана эмес, кудайга да нааразы болот.

Демек, айрымдардын божомолорунда аз да болсо негиздер да бар экендигин көңүлдөн чыгарбоо керек.

 

Автандил Белеков, Булак: “Майдан. kg”  гезити