"Я гарантирую, что в основном безграмотные, безкультурные кыргызы поверят всему, что будет говорить оппозиция. Главное, мы должны использовать природные глупость кыргызов".
"Скоро Площадь будет окровавлена и пролито крови граждан, мы свалим на существующую власть. Не сомневайтесь, тупые кыргызы нам поверят"
Мына ушул жогоруда айтылып жаткан, уккан адамдын денесин муздак суу сепкендей ичиркенткен сөздү Ата Мекен партиясынын лидери, конституциянын атасы, парламенттин бир топ чакырылышынын депутаты, кайсыл бир көк мээлердин пир туркан кумири Текебаев 2009 жылдын 23-апрелинде Казакстандык политтехнолог Марина Сабитовага берген маегинде айткан экен. Бул сөздөр ошол маектен бөлүнүп алынган цитата гана болуп эсептелет.
Демек, булар Бакиевди кетириш үчүн бир жыл мурда эле даярдык көрүшүп, баардык болгон ыплас аракеттерин ишке салышкан экен. Бакиевди жаманаты кылыш үчүн, адамдын төбө чачын тик тургузган ар кандай ыплас иштердин режиссерлору кимдер экенин мен айтпасам деле билесиңер. Впрочем, төмөндөгү ссылканы ачып окусаңар, баары түшүнүктүү болот.
Мен бир нерсени баса белгилеп, көңүлүңөрдү ошого бурат элем.
2010-жылдагы ошол кандуу төнкөрүшкө чейин Атамбаевдин сөзү бар: "миң адам өлсө да бийликти колго алам" деген жана түштүк согушунун алдында: "беш алты кенкелес кыргыз өлсө эч нерсе болбойт" деген дагы бир сөзү бар.
Ал эми жогорудагы цитатада Текебаев да: безграмотный, безкультурный, тупой кыргыздар деп жатат.
Ал эми, атканага камап баккан согум баштантып, биз ушул күндө чейин багып жаткан бүлүндүргүч жылаңач катын Отунбаева, баарыбызды каратып туруп эле: "мыркалар" дебеди беле.
Мына эми, ушул үч адамдын сөздөрүн салыштырып көрсөңөр, үчөө тең кыргыздарды манкурт катары эсептеген, ачык эле жапайы элге айлантып салышкан. Бул сөздөрдү окуп, бул бузуку акмактар кыргызды эч качан сүйбөгөнүн билсек болот.
Бирок, бир жагынан Текебаев туура айткан: "тупые кыргызы нам поверят" деп. Чындыгында Бакиевге коюлган баардык жалааларга ишенип албадыкпы? Үй бүлөлүк клан дешкени, ячейкадагы акчаларды, алтындарды алып чыгып кетти дешип элди алдаганы, баарынан да аянтта элди аткан канкор көрсөткөндөрү, бүт ушул бузукулардын ыплас иштери болот. Между прочим, УӨттүн шакалдарынын ошол жалгандарына ишенген адамдар көп болгон. Азыркы күнгө чейин ишенип келишет. Себеби аларда ойлоо мүмкүнчүлүгү жок, иштебейт. Чынгыз Айтматовдун Жоломаны болуп калышкан, Атамбаевдин жалгандарын кайталашып.
Бакиевдей лидерди бир топ гени бузук жугундукорлор жаманаты кылып өлкөдөн кууп салышты. Ал эми Бакиевди билген, ага ишенген биздей адамдар он бир жылдан бери колубуздан эч нерсе келбей, укугу жок экинчи сорттогу эл окшоп калдык. Болбосо, ошол жугундукорлор менен бир улутпуз, бир өлкөдө жашайбыз, укугубуз бирдей. Бирок, дайыма ошолордун айтканы болот.
Атамбаевди эки жылдан бери соттой алышпай жатышат. Эртең чыгарып жиберсе таң калбай эле коебуз.
Отунбаеванын экс макамын алып, түштүк окуясы боюнча жоопко тарткыла деп жаагыбыз сынып келебиз, бирок эч ким укпайт.
Миллиарддарды жеген Сапар, Албектер жыргап эле эркиндикте жүрүшөт, ал эми элге аябай жардамы тийген Раимбекти баарыбыз топтолуп, кутурган иттей болуп таладык.
Бабановду камаса, дагы деле ошол жугундукорлор жабыла чыгып жатышат. Жугундукор деп-акчасын алып митинге чыккандарды, кылмышкерди колдогондорду айтабыз. Билбегендер билип алгыла.
Ал эми биз он бир жылдан бери: Бакиев күчтүү лидер болгон, аны жалаа менен кетиришти, аны алып келип, 7-апрель, түштүк коогалаңын ачыкка чыгаралы деп какшап келебиз. Бирок, бизди уккан жаныбар жок бул ааламда.
Быйыл эгемендүү болгонубузга 30 жыл толот экен, эгемендүү болбой эңшерилип калсак жакшы боөмок. Бирок, ал датаны баары бир майрамдайбыз. Ошондуктан, эгемендүүлүктүн 30 жылдык маарекесине Бакиевдерди өлкөгө алып келиштерин бийликтен талап кылалы. Биздин деле бир каалобуз ишке ашсын да. Биздин үндү деле угушсун. Бакиевдин ак адам экенин, бир топ топтолгон арамзаада трайбалисттердин курмандыгы болгонун жакшы билебиз. Акыйкат орнобой, алдыга жылыш болбойт.
"Стрелять на поражение всех, кто с нами не согласен" деген сөз, Шамиль Атаханов тост көтөрүп жетине албай айтып жүргөн Отунбаеванын элди атууга команда бергени болуп эсептелет. Баардык факт, далилдер айдан ачык болуп турса, эмне үчүн буларды башыбызга чыгарып эркелетебиз. Башыбызга чыгышып алып жөн олтурушса да мейли, чычып салышты го. Ошону да сезбеген чын эле тупой калкпызбы?
Шамурза Бөрүкулов