Жогорку Кеңештин мөөнөтү аяктап, таркашына саналуу айлар калганда депутаттардын жаңыланып жаткандары аз келгенсип, Жогорку Кеңештеги фракция лидерлери баш кийимдей алмашчу болду.

Аз убакыт мурда КСДП фракциясынын лидери Иса Омуркулов жылкы теппей, жылан чакпай, регламенттин мыйзам, талаптарын бузуу менен  лидерликти шашылыш  түрдө депутат Өмүрбек Бакировго өткөрүп, өзү өлкөдөн чыгып кетсе, эми Ата-Мекен фракциясынын лидери Сайдулла Нышановго көпчүлүк ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алышты. Айтымда, биринчиден, анын фракция ичиндеги жүргүзгөн саясаты көпчүлүктүн көөнүнө толбосо, экинчиден, ал партиянын мүчөсү эмес.

Азырынча кийинки фракция лидери ким болору белгисиз. Фракция мүчөлөрү кимди көргүлөрү келишпесин, акыркы сөз партиянын кожоюнунда экени бышык. Ким Өмүрбек Текеабаевдин тилин таап, анын “добросун” алууга жетишсе, ошол болору талашсыз.

Булак: “Майдан. kg”  гезити