Садык Шер-Нияз Кыргызстандын Франциядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, БУУнун Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча уюмунун (ЮНЕСКО) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Садык Шер-Нияз 2015-жылы Жогорку Кеңешке “Ата Мекен” партиясынын тизмеси менен депутат болуп, беш жыл парламентте отурган. 2020-жылы ал мандатынан өз каалоосу менен баш тарткан.

2010-жылы маданият жана маалымат министри болуп иштеген.

“Айтыш” фондунун негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз быйылкы президенттик шайлоого талапкер катары Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берип, кийинчерээк ага катышпай турганын жарыялаган.

Кыргызстандын Франциядагы элчиси кызматын буга чейин Муктар Жумалиев аркалап жаткан. (MiK)

Булак: Азаттык.орг