- Таза шайлоо болуш үчүн мыйзам бузган партияларды шайлоодон четтетиш керекпи?

- Мыйзамды өзгөртмөйүн шайлоодо катышып мыйзам бузган партияларды кайра катыштырбай коё албайт. Себеби, иштеп жаткан мыйзам антүүгө жол бербейт.

- Эмне кылсак, партияяларды кол каптай алмаштырган саясатчылардан кутулабыз?

- Менимче партияларды кол кап алмаштырганда көргөндөр  биринчиден, акчалуулар экинчиден, алар элди эмес өзүн жана үй бүлөсүн гана ойлогондор. Себеби, алар  ийгиликке башка жол менен жеткенди же ак эмгек кылуу6нун жолун билишпейт.

- Кандай ыкма менен таза кадрларды ишке тартсак, кризистен чыксак болот?

- Системаны өзгөртүү менен таза кадрларды дайындап, мамлекетибизди кризистен алып чыгышыбыз  керек. Ал үчүн эң биринчи ЛЮСТРАЦИЯ аркылуу "жеп-ичкендерди", көп жылдар бою жылуу мамлекеттик кызматта жүрүп, кызматынан кыянаттык менен пайдаланып келгендерди четтетүү керек. Ошондой эле аларга юридикалык баа берүү зарыл. 

- Эл уулу деп араачы түшкөндөрдүн аракети эске алынышы керекпи? Чындап эле күнөөсү далилденбей камалса, аларды камагандардын жоопкерчилиги каралышы керекпи?

- Кандай инсан болбосун ал эл уулу болот, ар биринин артында жүздөгөн тууган-туушкандары бар. Бирок, кеп анда эмес башкада. Укук коргоо органдары айып койгон соң, иликтөө иштерин ыкчам жүргүзүүсү керек, коомго зыяны жок болсо камап салбай үй камагына кү рөө төктүрүп чыгарып койсо мамлекетке пайда болуп, коом да нааразычылык кылбайт эле. Ал эми соттон айыпталуучулар акталса, анда иш козгоп айып койгондордун жоопкерчилиги сөзсүз каралып аларды да сот чечимине алып келиш керек. Мына ушундай эки тараптуу тең жоопкерчилик каралганда гана таза коом жана укуктук мамлекет куралабыз.
Дагы бир жолу белгилеп кетем саясат деген сөз болбош үчүн тергөөнү тез ыкчам өткөрүү зарыл.

- Логистикалык борборлор кайда курулса, мамлекет үчүн пайдалуу болот?

- Рынок шартында логистикалык борборлорду биринчи иретте чекара аймактарында курулушу зарыл. Чекара аймагындагы элге колдоо көрсөтүүнүн көп иштин бири да. Бирок элдин нааразычылыгы болбош үчүн жергиликтүү эл менен макулдашуу бул эң орчундуу кыймыл болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевичтин ошондуктан Ат-Башы элине өзү барганы эң туура иш болду. Себеби Өлкө башчы мурунку бийликтин кемчилигин оңдоо аракетин кылууда. 

Эл нааразы болбош үчүн жер кимге канча жылга кандай келишим менен берилип жатканын, канча жумуш орун анда кимдер иштейт деген суроого ачык айкын жообун алышы керек.