- Бейшенбек мырза, шайлоонун тазалыгын камсыздаш үчүн үч шаарга кайра шайлоо болоору күтүлүүдө. Мурдагы шайлоодо элдин добушун алуу үчүн болгон аракетин жасап, мыйзам бузган талапкерлер бу сапар шайлоодон четтетилди, азыркылар андай ыплас жолго барбайт дегенге ынансак болобу?

- Мыйзам бузган талапкерлерди алып салдык дегени менен калган талапкерлер боюнча көп даттануулар болот. Ошон үчүн талапкерлерди эмес, партияны толугу менен шайлоого катышуу укугунан ажыратып салышса калыс болмок. Негизи шайлоо мыйзамы да туура эмес, көп өзгөртүүлөрдү талап кылат. Алгач мыйзамды өзгөртүп алып, анан жаңы шайлоо мыйзамдарын кабыл алып, шайлоо комиссияларынын жаңыртылган курамын бекитип алып, анан депутаттарды шайласак болмок. Эски мыйзам менен жаңы депутаттарды шайлай албайбыз. Шайлаган күндө дагы нааразычылык жараткан жагдайлар орун ала бериши ыктымал.

- Кечээ эле башка партиянын желегинин алдында сүйлөп, бүгүн башкка партиянын атынан эл аралап баштагандар четтен чыгат. Эмне үчүн кыргыз саясатында эптеп эле депутат болуу, партия алмаштыруу кадимки көрүнүшкө, адатка айланып калды?

- Кыргызстанда партия жок. Тагыраагы, “жеке жабык акционердик коом” же партия атына жамынган “бизнес-клуб” бар. Партияны партлидерлер мына ушундай максатта түзүшүп, жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланышат. Максаты - эптеп бийликке келип бизнесин улантуу. Ошондуктан, идеологиясы туура келбесе да, олигархтар талапкерлерди көчөдөн бир күндө эле топтоп, чогултуп алып шайлоого чыга берет. Ал партия менен мандатка ээ болгон депутаттар ал жактан олигарх партлидерге көз каранды болгону үчүн элдин талабын эч убакта талаша албайт. Тагыраагы, пульту олигархтын чөнтөгүндө болот. Анан заматта марионетка депутаттарга айланышат.

- Айрым билермандар бийликтин азыркы кустуруу саясатын сынга алып жатат?

- Системаны өзгөртүп, санариптештирип, жаңы технологияларды киргизип, коррупция кылалбагандай система түзсөк жакшы болот эле. Бирок ага 10-20 жылдан кем эмес убакыт жана көптөгөн каражат керек болот. Азыр ансыз да чамабыз чакталуу. Эң негизги маселе - бюджетти толтуруп элди айлык, пенсия, пособие менен камсыздап, тышкы карыздарды төлөш керек. Ошон үчүн ой жеткен жерге кол жетпей, системаны өзгөртүүгө биротоло кирише албай жатышат. Ошондой болсо да, жакшылыктан үмүт үзбөй, баары орду ордуна келет деп ниет кылып туралы.

- “Кумтөр” кени боюнча камакка алынгандар саясат үчүн камалып жатышабы же элдин ырыскысын уурдаганга кол-кабыш кылышканбы?

- Менимче булар менен эле чектелбей, 30 жылдан бери “Кумтөргө” кол койгондордун баарын далилдеп, соттошубуз керек. Азыркы камалгандардын дагы күнөөсү далилденсе, камаш керек. Буюрса, коррупция орун алганын далилдесек жана экологияны талкалап, табийгатка кор мамиле кылышканын ачыкка чыгарсак, эл аралык соттон утуп чыгабыз. Сот узак убакытка созулса дагы “Кумтөрдү” мамлекетке кайтарышыбыз керек. Эгер кимдир бирөө туура эмес соттолуп кетсе, эл аралык соттон уткандан кийин 5-6 айдын ичинде мунапыс менен чыгарып койушубуз керек. Азыр кыргыз элинин келечеги үчүн 6 ай түрмөдө олтуруп турсун, эл кийин рахматын айтып көтөрүп алат. Ошон үчүн митинг кылып, тарапташтарын чыгарып, элдин тынчтыгын бузбай турушса жакшы болот эле.

- Баса, Ат-Башыга логистикалык борбор куруу маселеси кайрадан көтөрүлүп жатат. Оюңуз кандай?

- 30 жылда жумушсуздук, жакырчылык, миграция күч алып,  1 млн эл чет элге нан издеп кетти. Эми ушул 30 жылда чогулган проблемаларды тез арада чечпесе оор болот. Жалгыз эле Ат -Башыга логистикалык борбор курбай, чет жактагы мигранттарды көчүрүп келип, жумушчу орун менен камсыздай турган завод-фабрикаларды ачышыбыз керек. Ошондой эле логистикалык борборду ачуу дагы  элди жумушчу орун менен камсыздоого болгон далалат деп түшүнөм.

Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан. kg” гезити