- Каныбек агай, үч шаарга кайра шайлоо өткөнү турат. Бу сапар мыйзам бузган талапкерлер шайлоодон четтетилди дегенге ишенсек болобу?
- Менин ишенгим келип турат. Мен деле бир топ эле скептик адаммын. Бирок, айткылачы, качан эле БШК же ТШК бир убакта көп сандагы талапкерлерди шайлоодон четтетип жүрчү эле? Баардык болочок депутаттар Акүй менен Көкүйдөн эле тизмеленип чечилип калчу эмес беле? Мисалы, 2015-жылдагы Жогорку Кеңешке болгон шайлоо чыныгы маскарапоздук болгон. Ошол кездеги президент өзүнүн жана - жан достору менен эле парламентке өтө турган адамдардын тизмесин түзүп коюшпадыбы беле? Кудай бар экен. Алардын бирин калтырбай катуу жазалап кирди. Ал “азаматтар” элди каалашынча калчап, ойноп жүрүшкөн. Карапайым эл менен таза талапкерлердин дагы Кудайы бар экен. Бүгүн ошол кутурган “төбөлдөр” кайда, башкалары кайда? Ошондуктан, азыр элдин катуу көзөмөлү астында шайлоону таза өткөрүү милдети учурдагы бийликтин башына илинген кылыч болуп турат. Апрель айындагы Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын Кеңештерине өткөн шайлоолор бузулуп, көптөгөн олигархтар менен уурулардын тилегин таш каптырды. Эми 11-июлдагысын дагы көрөөрбүз. Эл азыр мурдагыдай эмес!
- Эмне үчүн кыргыз саясатында бир партиядан экинчи партияга өтүү, партия алмаштыруу кадимки көрүнүшкө, адатка айланып калды?
- Анткени, Кыргызстанда чыныгы классикалык үлгүдөгү саясий партиялар калыптана элек. Анын ордуна ар кандай жолдор менен байыган чала ууру, чала “патриот” же “саясатчы” сөрөйлөрдүн уюшкан менчик фирмалары пайда болгон. Баары эмес, албетте. Бирок, негизинен ошондой. Жарым жыл мурда куралган эле “партиялар” жеңишке ээ болуп чыга келишти го? Ошондуктан “аягы суюк” кээ бир саясатчылар бир партиядан экинчисине тийе качып өтүп жүрүштү. Канчасы ушундай жолдор менен депутат болуп келишти? Эми ошолор элге, өлкөгө иштеп беришмек беле? Парламентке жетээр замат эле уурулук иштерин баштап жүрүшпөдүбү!? Эң жаман жери ошондой шылуундардын өнөрлөрүнө эл көнө баштаган. Өткөн жылдын октябрь айындагы элдик толкундоолор көбүнүн көзүн ачты окшойт. Эми алдыдагы шайлоолордо мурдагыдай маскарапоздук орун албайт деп тилейли жана чындык, тазалык үчүн жан аябай күрөшөлү! Антпесек өлдүк! Мамлекетибизди биротоло жоготуп алабыз. Быйыл күздөгү шайлоо кыргыз эли үчүн тагдыр чечкен сыноо жана учур болот!
- Айтмакчы, “кустуруудан мурун системаны оңдош керек”- деген маселени көтөргөндөр да чыга баштады. Буга кандай карайсыз?
- Албетте, системаны оңдоо керек эле. Бирок, ага көп убакыт жана энергия керектелет. Ошондуктан азыркы убактылуу “кустуруу” тактикасынын дагы өзүнүн чындыгы бар. Анткени, 30 жылдан бери бир ууч коррупционерлер өлкөнүн байлыгына ээ болуп алышып, элибизди тентитип жиберишкен. Демек, аларды эми аябаш керек. Уурдаган нерселеринин баарын элге кайтарып бериштери абзел. Ошону менен эле токтотуп калбай, алардын күнөөлөрүн далилдеп, узак жылдарга кесип жиберүү дагы адилеттикке жатат. 30 жылдан берки карапайым элдин кайгысы, тентип кетип, өлбөстүн гана күнүн кечирип, күн көргөн шордуулардын убалы кимде? Ошол эле ууруларда эмеспи? Бир эле “Кумтөрдөн” канча байлык желген? Муну баарын эсептеп чыгып, коррупционерлердин мойнуна илүү керек, да, туурабы? Анан башка кандай болуш керек? Азыр калың эл ушуну талап кылып турушат! Адилеттик болмоюнча элдин жаны эми тынчыбайт. Энергетика, салык жана бажы тармактарындагы коррупцияларга кол тийбей эле турат. Билим берүү тармагындагы коррупция кеминде 10 “Кумтөргө” тең келет. Мен, жаш муундарыбыздын психикаларынын бузулуусун айтпай эле коёюн. Ал биздин келечегибизге балта чапкан көрүнүш. Бул эми өзүнчө маселе!
- “Кумтөр” демекчи, “Кумтөр” кени боюнча камакка алынгандарды эл уулу дегендер четтен чыгып, алар эч бир кагазга кол койбогонун, мунун баары саясат үчүн болуп жатканын айтып актанышууда. Камакка алынгандардын акмын дегенине ишенсек болобу?
- Каяктагы саясат? “Кумтөрдөн” 1%га жетпеген гана киреше алып келиптирбиз. Калганынын баарын канадалыктар уурдаган. Алардын мынчалык кутургандыктарына ким түрткү болгон? Өзүбүздүн эле саткын жана ууру-коррупционер атка минерлерибиз да! Мен баарын тикелей айыптай албайм. Бирок, тергөө иши тоскоолдуксуз жүрсүн да? Ага эч ким кедерги болбосун! Ошондо гана чындык чыгат. Кимдин ким экендиги билинет. “Тергөө менен кызматташам” деп кээ бирөөлөр азаттык алышпадыбы? Эми ошолор чынчыл көрсөтмөлөрүн беришээр? Ошондой болсо элдин алдында абийрлерин сактап калышат. Эң башкысы тергөөчүлөр менен соттор таза болушса гана атаганат! Ошондо элдин ырыскысына өбөлгө боло турган иштер орун алат эле. Эми жакшылыктан үмүт үзбөй туралы!
- Баса, Ат-Башыга логистикалык борбор куруу күндүн зарыл маселеси десек болобу? Анткени, президенттин логистикалык борбор курууга уруксат сурап келдим деген сөзүн кылдан кыйкым издегендер сындашып, “мурун башкача сүйлөчү, азыр башкача сүйлөп калды” деп жатышат го?
- Өзү логистикалык борборлор азыркы замандын эң эффективдүү механизмдеринин бири. Бул - дүйнөлүк феномен. Президент муну жакшы түшүнүп турат. Башка маселе ошол борбор элге, өлкөгө иштейби же бир-эки эле шылуундун жем жеген акыры болуп калабы? Жумушчу орундардын түзүлүшүнө, өндүрүштүн өнүгүшүнө шарттар болобу же товар топтогон кампа менен эле чектелип калабы? Менимче, Кыргызстандын тогуз жолуна тоом боло ала турган жерлерине дагы ачылса жакшы болмок. Мисалы, Чоң-Алайдын Сары-Ташына, Таластын Маймагына, Баткен-Лейлектин Аркасына, жана башка жерлерге. Эми муну дагы ойлонушуп жатышкандыр!
Булак: “Майдан. kg” гезити