Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 147

Президент Cадыр Жапаров Нарындагы иш сапарында мындан ары "Кумтөрдөн" алынган таза кирешелердин 0,6 пайызы Нарын облусун өнүктүрүү фондуна которуларын билдирди. Эгерде Кумтөр ишканасынан орто эсеп менен бир жылда 300-350 миллион доллар таза киреше алынса, анын 0,6 пайызы 2 миллион долларга жакын акча болот. Бул чакан облусту кескин өнүктүрүп жиберчү каражат. Мындан сырткары,  Ат-Башыда курула турган логистикалык борбор нарындыктар үчүн андан чоң пайда алып келет.  Анткени, логистикалык борборду курууга жүздөгөн жумушчулар тартылса, ал бүткөндөн кийин андан көп жумушчу орундар ачылат. Жергиликтүү калк өндүргөн азык-түлүктөр, продукциялар мурдагыдан кымбатыраак, тезирээк сатыла баштайт. Кытайдан келген жүк тартуучу автоунаалар бош кетишпейт, колго илингендердин бардыгын сала кетишет. Борбор иштей баштаганда аны тейлөө тармагы да өнүгөт. Ток этерин айтканда, ал нарындыктарга  түгөнгүс  гүлазык болгону жатат. 

Мына ушундай зор экономикалык долбоорго айрымдардын каршы чыгышып жаткандары түшүнүксүз. Карапайым элге эмне керек? Жумуш ордулары, жашоо шарттын жакшыруусу керек. Ошол үчүн логистикалык борборду карапайым эл кош колдоп кубаттай тургандыгы талашсыз. Маселе, логистикалык борбор курулса, миллиондогон кирешелеринен ажыраганы жаткан ири ишкер, базаркомдордо болуп жатат. Ошолор элди логистикалык борбордун курулушуна каршы шыкактап, каршы туруу кампаниясын башташууда. 

“Колдо турган коенду кое берүү оңойбу” демекчи, айрым бир ууч топтун азгырык, чакырыктарына алданышып, Нарындын, Ат-Башынын эли өз  ырыскыларынан  куру калбаса эле. Кесирленүүнүн да чеги болот.  Логистикалык борборду курууга дагы каршы турушса, президент С. Жапаров башка аймакка курула тургандыгын ачык эле айтты.