"Бүткөн ишке сынчы көп, Бышкан ашты жечү көп" - дегендей, буга чейин АКШнын акырынан жем жеп көнүп калгандар, Мадумаров жана анын күчүктөрү карапайым калк колдоп жаткан азыркы бийликти да сындап башташты. Келген бийликке сын тага берип, үрө берип көнүп калган немелер бул саам да тынч жата албай, уйкулары бузулуп, кычыткылары кармап жатышат. Ушул тилинен башка берекеси жок "сынчылардыкы" өттү. Сындаардан мурун элиме, жериме пайдалуу бир иш кылдымбы?- деп сурап койбойбу. Же алган арам акчаны актоонун, ыргытылган сөөктү таза мүлжүүнүн аракетиби? Кыргызга күйбөгөн мындай кулмүнөздөрдүн кылыгы тойгузду. Алды артыңарды карап сындагылачы, акчанын кулу болбой, кыргыздын уулу болгула.