Юрист Сания Токтогазиева президенттик аппараттын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча пикирин соцтармактагы баракчасына жарыялады. 

"Бул билдирүү менен президенттик администрация Эл аралык кылмыш соту кандай иштей турганын түшүнбөстүгүн толук көрсөттү. Эл аралык сотко мамлекеттик орган эмес,жабырлануучулардын,  көз карандысыз юристтер жана жарандык коомдун атынан кайрылуу жөнөтүлдү. Президенттик аппарат эч кандай билдирүү жарыялабаса да болот болчу. Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгын ачыктан ачык тебелегенден көрө, унчукпай коюшса туура болот болчу", - деди юрист. 

Эске салсак, Сания Токтогазиева курамында турган топ Эл аралык кылмыш сотуна Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу кол салуусун агрессия катары тануу өтүнүчү менен кайрылуу жолдогон. Андан кийин кайрылуу аталган сотто каттоого алынганы боюнча маалымдалган. Мындан кийин президенттик аппараттын басма сөз кызматы: 

"Азыркы учурда чек аралардын маселелери тынчтык жана сүйлөшүүлөрдүн негизинде чечиле баштаганда, айрым күчтөр кайрадан эки тараптуу мамилелерде чыңалууну жараткысы келип жатышы мүмкүн.

Чек ара маселелери өтө салмакталган мамилени талап кылууда жана бул жагдайда мындай демилгелер маселенин саясий-дипломатиялык жол менен чечилишине залакасын тийгизиши мүмкүн", - деген билдирүү тараткан.