Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 118

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов азыр кызматтан кетүүгө даярдыгын билдирди.

"Эгер бардык маселе менде болсо, азыр кызматтан кеткенге даярмын. Мен жыргап, ырахаттанып иштеп жаткан жерим жок. Кыйынчылык болууда, уктабай күнү-түнү иштеп жатабыз. Биздин максат маселени чечиш. Президентибин "Кумтөрдөн" баштап бардык маселени коюп жатат, биз аракет кылып жатабыз. Жыргап, пара алып же бирөөнү кызматка коюп отурган жерибиз жок. Эгер ошондой болсо, азыр кеткенге даярмын! Менде эле маселе болуп жатса, келгиле, азыр кетиргиле. Бир секунд кармала турган оюм жок! Эмоцияга алдырып жатканымды кечирип койгула. Мен жоопкерчиликти алганга даярмын, жоопкерчиликти алам деп кызматка келгем. Мага туура асылып жатасыңар, эл туура асылып жатат, элде күнөө жок, күнөө бизде, аткаминерлерде. Капиталдык салымдар жетпей жатат дейсиңер, суу жетпей жатат.... каягына жеткиребиз? Бири бирибизди чукулап, кызматтан алуудан маселе чечилип кетпейт. Өкмөттү ай сайын алмаштыралы, чечилеби ошондон? Айлыктын аздыгына карабай уктабай,  иштешибиз керек. Менин максатым - жоопкерчиликтен качпай иштеп берүү", - деди Марипов.