Улукбек Мариповдун парламентте "Мен кеткенге даярмын" деп айткан сөзү парламентте биринчи жолу айтылып жаткан жок. 1993-жылы сом кабыл алынып жаткан учурда Аскар Акаев дагы депутаттарга таарынып, "Мени колдобосоңор отставкага кетем" деп коркуткан. Кээ бир депутаттар ошондо эле Акаевдин отставкасын күн тартибине киргизүүнү, маселени кароону талап кылышат. Парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкуловдон танапис жарыяла дегендер да чыгат. Шеримкулов танапис жарыялабай, журналисттерди залдан чыгарып жиберип, өзү депутаттарга түшүп келип, сүйлөшүп, Акаевдин отставкасын каратпай койгон. Ошондон бери баары эле жаман катынча "Кетем" деп коркутушат, парламенттин төрагалары ортомчу болуп, кетем дегендерге жан үрөйт. Кыргыздын саясаты ушундай жол менен уланып келатат.
Наралы Асанбаев