Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 17-июндагы жыйынына Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов чакырылган болчу. Бирок ал келбей калгандыгына байланыштуу депутаттар нааразы болушту.
“Депутаттар чакыргандан кийин келип, отчет бериши керек эле. Элде кымбатчылыктан улам нааразычылык күчөп жатат. Ошондой учурда бул жан сакчыларын тегерегине курчап алып өзүн дагы деле премьер-министр сезип жүрөт”, - деди депутат Шайлообек Атазов.
Ал эми депутат Бакыт Төрөбаев Мариповго ишенбөөчүлүк көрсөтүү демилгесин көтөрдү.
“Улукбек Мариповго ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алалы же ишин так аткара алган жок деп бир чечим чыгарышыбыз керек. Ал биз менен пресса аркылуу сүйлөшүп калды. Президентти уят кылып атат. 5 – майдагы Конституция менен иштебейби? Улукбек Мариповго нааразычылык абдан күчөп жатат” – деди ал.