Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 710

Саналуу күндөрдөн кийин, тагыраагы, 20-июнда Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңештерине кайрадан шайлоонун расмий үгүт кампаниясы башталат. Аталган кеңештерге жалпы болуп 25 партия ат салышууда.

Алардын 17си Бишкек шаардык кеңешиндеги мандаттарды көздөгөндөр. Добуштарды сатып алуу, шайлоо мыйзамдарын бузуулардан  улам аталган шаарларда шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылып, кайрадан шайлоо белгиленген эле. Эми өткөн шайлоодон алган катачылыктар бул шайлоодо сабак болуп, добуштарды сатып алуу аракеттери болбойт деп ишенип туралы.

Белгилей кетчү нерсе, алдыдагы шайлоодо жаштар партиялардын тренддерине айланыптыр. Дегенибиз, дээрлик бардык партиялардын алдыңкы тизмелерине жаштар киргизилиптир. Сыягы, муну жаштарга басым жасоо менен шайлоочулардын добуштарын алуу аракеттери катары бааласак туура болчудай. Шаардык кеңештердин курамына жаштардын келатканы албетте, жакшы. Колдоого аларлык көрүнүш. Бирок ошол эле мезгилде шаардык кеңештер өңчөй жаштардан куралып калса кандай болор экен? Сапаттык курамга терс таасирин тийгизбейби? Неси болсо да  улуулардын тажрыйбаларын жокко чыгаруу туура эмес.

Булак: “Майдан. kg” гезити