Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 197

Кээде туруп, “ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат” деген сөз биздин аттуу-баштуулар, саясатчы, аткаминерлер үчүн айтылганбы деп ойлоп кетесиң. Батыш өлкөлөрүндө коррупцияга аралашкандыгы, мыйзамсыз иштерди кылгандыгы далилденсе, аны мойнуна алып, андай иштерге барганына өкүнөрүн билдирип, элден, коомчулуктан кечирим сураганга чейин барышат. Биздечи? Өлүп баратышса да, моюндарына алышпайт го, чиркин.

Эки президентибиз Кыргызстандан сыртта туруп алып, “мен президент болуп турганда баары жакшы болчу, таптаза иштедим, үй-бүлөм, жакындарым мамлекетти башкаруу иштерине аралашкан жок”- деп жандарын жешип, өздөрүн таптакыр эле күнөөлөрү жок периштелердей сыпаттап келишет. Алардын коррупиялык, мыйзамсыз ж.б. иштерин жалпы кыргыз эли көрүп, билип турушса да, дегеле өздөрүнө чаң жолоткулары келишпейт. Туңгуч президентибиз А.Акаев жарыктыгы болгур, мамлекетте өзүнүн боштугунан, үй-бүлөсүнө бийликти алдырып ийгенинен башаламандык өкүм сүрүп, коррупция тамырын кенен жайганын моюндаганга жарабай  койду. Анын айткандарын угуп отурсаң, ал бийликте турган кезде Кыргызстанда жомоктогудай жашоо болуп, коррупциянын жыты болгон эмес экенине ишенип кетесиң…

Ал эми учурда абакта жаткан мурдагы президент Атамбаевге сөз жок. Батукаевди ардактап узатуудан, Бишкек ЖЭБин реконструкциялоодон ж.б. ири долбоорлордон миллиондорду кымырганына карабай өзүн кристаллдай таза көрсөтүп, баарын танып, жанын жеп, бет тырмарлык кылып, догурунуп  гана  келатат.

Аткаминер, саясатчылар тууралуу да ушуларды эле айтууга болот. Коррупцияга мойнуна чейин малынып, мыйзамсыз иштерден башы чыкпай калса да, алардан өткөн ак адам жок. Коюлуп жаткан айыптардын баары жалган, калп, болбой баратса саясий иш. Коррупциянын, мыйзам бузуулардын, рейдерлик басып алуулардын символуна айланган Өмүрбек Бабанов да өзүнө козголгон кылмыш иштерди танып, мамлекетке бир сом зыян кылбаган адам катары айтуудан  чарчабай келатат. Бирок… Анын кезинде маркум Айдар Акаевдин, Максим Бакиевдин тилин таап, алардын колдоолору менен ири коррупциялык, мыйзамсыз иштерди жасап келгендиги, андан кийин Атамбаевдин колтугуна кирип, капчыгын байытуу, бизнесин кеңейтүү үчүн мыйзамга каршы кадамдарга баргандыгын өзү билгиси, моюндагысы келбесе да, кыргыз эли, көпчүлүк жакшы билет. “Кыргызстан АКБ” банкын ээликтеп алуу, Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунан мыйзамсыз насыя алуу, “Жерүй” кениндеги афералык иштери ж.б. толтура. Бабановдун кыңыр иштери тууралуу бүтүндөй детективдик-криминалдык чыгарма жазса болот.

Ар бир адам өзүнүн кандай мыйзамсыз, туура эмес иштерди кылганын эң жакшы билет. Бабанов да өзүнүн күнөөлөрү баштан ашарын жакшы билгендиктен, ар бир бийлик менен соодалашууларга, жең ичинен сүйлөшүүлөргө барып, эң ириде өзүнүн керт башын, андан кийи бизнес империясын коргоп, сактап келди. Ошол себептен керек учурда сыртка чыгып кетип, саясаттан кеткенин жар салса, абалы жеңилдегенде кайра саясатка келгенин билдирип, айтор мунун баары жоопко тартылуудан аман калуу үчүн жасап келген кадамдар, демарштар экендиги  баарыбызга маалым. Күнөөсү жок болсо, куйругун түйгөн иттердей болуп эмнеге сыртка качат, эмнеге жең ичинен сүйлөшөт?

Саясатта митаамдыгы менен айырмаланган Бабанов бүгүн өзүнө козголгон кылмыш ишке саясий түс берүү менен өзүн бийлик коркуп, сестенип аткан чоң саясий фигура катары көрсөтүүгө аракет кылса, анын бир ууч тарапташтарынын аны “баатырга” айлантышып, келечектеги өлкө башчысы кылып жаткандыктарына жол болсун! Безеленип, чебелектеп кылмыш ишин саясатка байлоо менен өзүн саясаттын курмандыгы кылууга катуу жан үрөөдө. Мында ага коррупция менен күрөшүү кампаниясынын алкагында “Кумтөр” маселеси боюнча иш козголгонун, эч кандай саясат жоктугун эмнеге билгиси келбейт? Бүгүнкү бийлик андан саясий атаандаш катары коркуп, сестенип атат деген да негизсиз. Саясатта Бабановдун “салмагы” жеңилдеп баратканын акыркы парламенттик шайлоодо, жергиликтүү кеңештерге шайлоолордо күбө болдук.

Аны  бүгүнкү саясаттын курмандыгы, эртеңки өлкө башчысы кылып жаткандарга айтарыбыз, маңдайына жазылса, күнөөлөрү далилденип, жаза мөөнөтүн өтөп чыккандан кийин да президент болот, жазылбаган болсо, канчалык баатырга айлантышса да, президент боло албайт. А бирок, ага чейин корруциялык, мыйзамсыз иштери үчүн мыйзам чегинде  жооп берип, мамлекетке келтирген зыяндарын ордуна койсун! Качанга чейин жоопкерчиликтен кутулуп жүрө берет? Эмнеге башкаларга иштеген мыйзамдар Бабановго иштебеши керек?!

Автандил Белеков, Булак: “Майдан. kg” гезити