Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 364

10-июнда Ош, Жалал-Абад облустарындагы кандуу окуяларга 11 жыл болду. Бирок, алиге чейин ошол окуяларга түздөн түз жана кыйыр түрдө күнөкөр болгондорго укуктук түгүл, саясый баа берилбей жаткандыгы өкүндүрөт. Азыр айрымдар өткөн жылдын октябрындагы тополоңдордо бир жаш жигит каза болгондугу үчүн мурдагы президент Сооронбай Жээнбековду жоопкерчиликке тартууну талап кылышууда. Биз ага каршы эмеспиз, эгерде анда экс-президенттин күнөөсү болсо, ал жооп берсин. Бирок, анда эмне үчүн өз кызматтык милдеттерин жетиштүү деңгээлде аткарышпай, шалаакылыкка жол берип, 470 адамдын өлүмүнө, 2 миңге жакын адам жарадар болуп, 2 миңден ашык  үйлөр,  коомдук жайлар өрттөлүп, мамлекетке жалпы көлөмү 11 миллиард сом зыян келтирүүгө себепкер болгон “Убактылуу өкмөттүн” мүчөлөрү саясый жана укуктук жазалардан четте калышы керек?

Бул ошол июнь окуялары башталган күндөн бери эле коомчулукта айтылып, эл Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн жоопкерчиликке тартууну талап кылып келет. Бирок, ал окуялардан кийин мамлекетти башкарган Роза Отунбаева, Алмаз Атамбаев анын мүчөлөрү болгон. Убактылуу өкмөттүн Алмаз Атамбаев, Өмүрбек Текебаев сыяктуу айрым мүчөлөрү Кадыржан Батыров баштаган экстремист-сепаратисттердин жакын адамдарынан болгондугуна  байланыштуу июндагы кандуу окуяларга он бир жылдан бери обьективдүү калыс баа берилбей келди. Анткени, жогоруда аталган адамдар 2010-жылдын июнундагы кандуу окуялардын обьективдүү иликтеп, изилденүүсүнө ачыктан ачык эле бут тосуп келишкендиги эч кимге жашыруун эмес.

Коомчулуктун талабынан улам президент Садыр Жапаров Мамлекеттик Улуттук мамлекеттик коопсуздук кызматына 2010-жылдын июнунда болуп өткөн кандуу окуялардын материалдарын дыкат кайра иликтеп, жыйынтыктарын чыгарууну тапшырган. Азырынча иликтеп, тергеп-тескөөлөрдүн алгачкы маалыматтары таркатыла элек, бирок ал кандуу окуяларда Убактылүү өкмөттүн негизги мүчөлөрүнүн күнөөлөрү чоң экендиги эч кимде шек туудурбайт. Себеби, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү өзбек диаспорасынан колдоо таап да болсо, өз кызмат орундарын сактап калуу үчүн сепаратисттерди күүлөп, аларды оолуктурушпаса, кандуу окуялар келип чыкмак деле эмес. Убагында аларга эгерде сепаратисттик чакырыктарды күчөтө беришсе, жоопкерчиликке тартылыша тургандыгы тууралуу катуу эскертүүлөр берилсе, аны укпагандарына укуктук чаралар көрүлсө, андай окуялар болбойт болчу.

Кандуу окуялар башталгандан кийинки тийиштүү  кызмат адамдарынын иш аракеттери, кыйрагандарды калыбына келтирүү боюнча сырттан келген жардамдардын максаттуу сарпталуусу, курулгандардын сапаттары да өзүнчө текшерип, тескеп, иликтөөлөргө муктаж. Анткени, кыйрагандарды калыбына келтирүүгө бөлүнгөн акчалардын Атамбаев  баштагандардын сол чөнтөктөрүнө кеткендиги, кабаттуу үйлөр, коомдук жайлар сапатсыз курулгандыктан жыл айланбай алардан жарака кетип, шыбактары көчө баштагандыгы жөнүндө убагында көп жазылган менен эч кандай текшерүүлөр жүргүзүлгөн эмес. Эми ал маселелерге да калыс чекит коюуга мезгил жетти.

“Кыңыр иш - кырк жылдан кийин да билинет” деп айтылат элибизде. 2010-жылдын июнундагы кандуу окуялар элибиздин эсинен эч качан чыкпай турган, боордош эки элдин ортосунан жарака кетирип, өлкөбүздү чоң чыгымдарга учураткан оор трагедия. Ал мындан ары дагы көп эскерилет, мүмкүн дагы кайра каралат, ага ар муун өз баасын берет. Биздин муундагылар да өз баасын бериши керек.

Тынчтыкбек Бешкемпиров, Булак: “Майдан. kg” гезити