- Нью-Йорктун Түштүк округу боюнча соту “Центерранын”  өтүнүчүн канааттандырып аларга ыктаган чечим чыгарып, “Кумтөргө” банкрот жарыялаптыр. Эми чындап “Кумтөр” банкротко учурайбы?

- Алар эптеп пайда табуу үчүн ошондой кадамдарга барып, бизге тоскоолдук жаратууга аракет кылып жатышат. Булар утту деп отура бербей кыргыз өкмөтү жалдаган адвокаттары менен тиешелүү документтерди чогултуп, алардын катачылыгын баса белгилеп, ыкчам иштеши керек. Тагыраагы, “Кумтөрдөгү” коррупция менен экологияга келтирген зыяндарын көрсөтүп, басымды ошол жакка коюп, экологиялык уюмдардын баарына Динара Кутманованын отчётун беришибиз  керек. Ошондой эле кыргыз өкмөтүн инвестициялык келишимди бузду деп айыптаган “Центерранын” кечирилгис иштер менен алек болуп, кылмышка тете иш кылышканынан аргасыз  ушундай кадамга бардык  дешибиз зарыл. Кыскасы, экологияны талкалаганын далилдеп, келтирген зыяндарын ачыкка чыгарып,  жаратылышыбызды кордогонун дүйнө жүзүн кабардар кылып алсак, Нью-Йорктун Түштүк округу боюнча сотунун чечими маанисин жоготот. Ошондуктан, “Кумтөр” маселесинде экология менен коррупцияга басымды коюп, тиешелүү документтерди чогултуп, кайрылчу жердин баарына кайрылышыбыз  керек.

- Коррупцияны далилдөөгө, мурунку премьер-министрлердин жана азыркы депутаттардын камалышы эле жетиштүүбү ?

- Коррупциялык схемалар 1993-жылы эле башталганын далилдеш үчүн ошол кездеги легендарлуу парламент чыгарган корутундуну дагы тийиштүү жерлерге бердим. Буюрса, терең анализдеп чыгышса, Аскар Акаевди жана Чыңгышевди дагы жоопко тарта турган жагдай жаралат. Анан коррупция ачыкка чыгат. 

Чынында акылы бар адамдын баары “Кумтөрдү” казууга каршы чыккан. Акаев каршылыгыбызга карабай  анча -мынчасын күчкө салып, кол койдуруп алган. Апас Жумагуловду аэропорттон кармашып, кол коюуга аргасыз кылышса,  легендарлуу парламентти таратып тынган. Ошондой эле “Кумтөрдүн” ачылышына каршы болгон депутаттарды учурбай самолётто 3 саат себепсиз кармашкан. Кыскасы, "Кумтөрдүн" пайдасы акция менен эмес, алтын менен берилсин деп катуу турганыбыз үчүн ушундай жагымсыз жагдайларга туш кылган.