Ай башындагы тажик аскерлеринин Ош облусунун Чоң-Алай районундагы делимитация жана демаркация боло элек Унжу-Булак участкасына 1 чакырымдай ичкериге кирип келишип, контейнерди орнотушуп, бир катар техникаларды алып келишкендиги менен эки өлкөнүн ортосундагы чек ара маселеси кыйла татаалдады. Анткени, эки өлкөнүн жетекчилери али жазылып, тактала элек чек ара участкаларында макулдашпастан бир тараптуу иштерди жүргүзбөө жөнүндө мурда бир нече ирет макулдашкан болчу. Бирок, ага карабастан тажиктер аны менен чектелишпестен жергиликтүү тургундардын өз жайлоолоруна чыга турган жолдорун тосуп алышкан эле. Ал чек арага жакын жайгашкан айылдардагы тургундардын мыйзам ченемдүү түрдө нааразылыктарын, тынчсызданууларын жаратып, айрым айылдардагы тургундар ич жактарга көчүрүлө да баштаган.
Мындай кырдаалда КР Президенти Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы, КРнын чек ара кызматын да жетектеген Камчыбек Ташиев оперативдүү иш алып барышты. К.Ташиев тажик аскерлери мыйзамсыз кирип келген участкага тез жетип барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, аларды тынчтандырып, акыр аягында Тажикстандын чек ара кызматынын жетекчиси Саймумин Ятимов менен сүйлөшүүлөрдүн аркасында мыйзамсыз кирип келгендердин кайра туруктуу орундарына кайрылып кетишине жетишти. Тилекке каршы, алдын ала чыңалып бараткан жаңжалдын алдын алууда К.Ташиевдин тик учагын коштоп бараткан, ичинде жоокерлер отурган коштоочу тик учак аргасыз конуп жатканда кырсыкка учурап, бир катар адамдардын жаракат алгандары өкүндүрдү.
Социалдык тармактарда УКМКнын жетекчиси К.Ташиев, чек аралардагы абал жөнүндө ар кандай пикирлер айтылууда. Анын эмоционалдуу, тез тутанып кетме адам экендиги чын. Бирок, ошол эле мезгилде анын чечкиндүүлүгү, мекенчилдиги, батылдыгы эч кимде шек туудурбайт. Бул ирет да ал чечкиндүүлүгү менен чатак тутанып кете турган жердеги абалды тез эле жөнгө салды. Ошентип дагы бир тутанып бараткан от өчүрүлдү. Бирок, андай потенциалдуу коркунучтар эки өлкөнүн ортосундагы чек ара участокторунун бардыгы делимитацияланып жана демаркацияланмайынча улана бергени турат. Ал иштерди тезирээк аягына чыгаруу үчүн эмнелерди жасоо керек?
Биринчи кезекте ага эки өлкөнүн саясый жетекчилигинин саясый эрки жана каалоосу болуусу зарыл. Садыр Жапаровдун май айынын экинчи жарымында Тажикстанга белгиленген иш сапары обьективдүү жана саясый себептерге байланыштуу үзгүлтүккө учурагандан кийин эки өлкөнүн ортосундагы мамиле солгундай түштү. Кыргызстан өз аймагына тажик экстремисттерин жана баңгы заттарын киргизбөө үчүн Тажикстан менен чектешкен чек араларын бекемдеп, өткөрүү тартибин катаалдантты. Андан улам ал өлкөдө күйүүчү жана майлоочу майлардын баалары күн санап өсүүдө. Кожент облусундагылар өстүргөн жашылчалар, эрте бышчу мөмөчөмөлөр мурдагыдай Кыргызстандын базарларына сатылбай калгандыктан алардын баалары түшүп, бир бөлүгү жараксыз болуп жаткандыгы да айтылууда. Ал эми Тоолуу Бадакшан облусунун элин күндөлүк тиричиликке зарыл нерселер менен камсыз кылуу Ош облусунун инфратүзүмдөрү аркылуу жүргүзүлөт. Бул багытта да кыйынчылыктар жаралып, ал элдин нааразылыгынын артуусуна түрткү болууда. Бир сөз менен айтканда, Тажикстандагы ички саясый, психологиялык абал күндөн күнгө татаалданып бараткандыгы чындык.
Чек ара маселеси чечилбесе, түштүктүн чек араларга чектеш жашаган айылдарындагылардын тиричиликтери татаалдай берери шексиз. Ошондуктан Камчыбек Кыдыршаевич эми бардык күч аракетин, өзүнө гана мүнөзөдүү оргуган жигер кайратын эки өлкөнүн ортосундагы чек ара маселелерин чечүүгө тезирээк жумшаса дейбиз.
Мирлан Дүйшөнбаев, Булак: “Майдан. kg” гезити