Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 187

- Түркияга болгон расмий визиттен үмүт зор! Бир чети чек ара көйгөйү, бир жагы экономикалык каатчылыкка дүйнө эли сыяктуу эле кризиске кабылып турганыбызда бул сапар саясий жактан да, экономикалык жактан алганда да өтө маанилүү болуп турат.

Андыктан, расмий визит маалында “ Эки өлкө достугу!”- үчүн, андан да маанилүүсү өз өлкөбүздүн бүтүндүгү, келечеги биринчи пландагы маселе экенин унутпасак да, айрым “саясий боёгу” бар, болуп өткөн жагымсыз окуяны бул визитке аралаштырбай, бир аз каниет кылып туралы. Башка мамлекеттин ички саясатын өздөрү чечип алат, биздин аралашканга акыбыз жок, андыктан, элибиздин эртеңкиси гана бизге маанилүү болгону дуруспу дейм....

Эмнени айтып жатканымды түшүндүңүздөр деп ойлойм, себеби, башка теманы талкуулоо күч алып кетиптир, токтотпосок,  маалыматтар да эки элдин достугуна доо кетирип койбосун, деген эле тилек... Анткени, түрк элинин массалык маалымат каражаты өтө маанилүү чагылдырып жатат, кыргыз элине көз карашы түз, достук мамиленин бекемдиги жөнүндө маалымат таратып жатышат... биз тараптан да бул мамилени бузуп албоо үчүн дипломатиянын бүт рычагдары колдонулганы дурус го... бир кезде бир “билдирүү” менен эле бузуп албадык беле, аны да унутпасак жакшы болот эле.