- Нурлан мырза, “Кумтөр” боюнча камоолордун саны көбөйүп баратат. Ал турсун аларды коргоп, колдоп митингге чыгуу да салтка айланып, жер-жерлерде митинг боло баштады. Мунун кесепети мамлекетке тийип калбайбы?
- “Кумтөр” боюнча камалгандардын саны арбыганы менен бул сан аздык кылат. Кеминде дагы 10-15 киши камалышы керек. Тагыраагы, Атамбаевди жандагандардын, анын партиясына кирип, маселе чечкен кызматты аркалагандардын көбү камалышы керек. Анткени, Атамбаев жеп, алар жебей калышы мүмкүн эмес. Баары жешкен. Ошон үчүн чекесинен камакка алынып жатат. Аларды актоонун, таламын талашуунун кажети жок. Колу менен кылыштыбы мойну менен тарта турган кылып, жоопкерчиликтен куткарбашыбыз керек.
- Бирок Төрөбай Зулпукаров менен Асылбек Жээнбеков мурунку президенттердин кыйбас адамдары болгон үчүн саясий куугунтукка кабылды деп жатышат го?
- Жалган. Булар да ичишкен, жешкен, ал турсун мамлекетти тоношкон. Атамбаев жеп, булар жебей калышы мүмкүн эмес да. Булар элдин ырыскысына кол салышканы үчүн камалып отурушат. Аларды актоонун кажети жок. Негизи Атамбаев кырсык. Эми аны ээрчиген, жандаган кишинин баары кырсыктайт.
- Эми камалгандардын тарапташтары биригип, бийликти алып түшүүнүн, лидерлерин камактан бошотуунун аракетин көрүшпөйбү?
- Алар чындап биригип, күч алып кетсе, биз деле күчтүүбүз. Алардын адебин берип, коррупция менен күрөштү күчөтүп, мурунку бийликтер батына албаган иштерди колго алган бийликти коргоп калууга күчүбүз жетет.
Башында “Кумтөр” элге өтсүн, канадалыктар чыгып кетсин дегендердин баарын түрмөгө камашты. Убакыт өтүп, кырдаал өзгөрүп, биз түрмөдөн чыктык, эми элдин ырыскысын жегендер, уурдагандардын баары түрмөгө түшүшү керек. Чекесинен кармап, жоопкерчиликке тартыш керек.
- Таластыктар да Бабановду намыс үчүн эле коргоп чыгыштыбы же биздин бала деген түшүнүктөн улам, аргасы жок митингге чыгыштыбы?
-Таластыктардын баары болбосо да, бирин-экин кишиси Бабановдун жакшылыгын көрсө көргөндүр. Ошон үчүн Бабанов камакта жатканда аны колдоо митингине чыгышкандыр.
- Бирок ошол эле учурда “Жерүйдү” ит бекер россиялык чечен бизнесмен алышына шарт түзгөнү үчүн кечирүүгө мүмкүн эмес деген тараптар да чыгып жатат го?
- Эгер чындап эле ортомчулук кылып, “Жерүйдү” Кыргызстандын үлүшү жок болушуна салым кошуп, чечен бизнесменине алып берсе, Бабанов акмакчылык кылыптыр. Анын бул аракети да эске алынышы керек.