- Таластагы Бабановду колдоп чыккан митингге бири жердештери намыс үчүн чыкты десе, дагы бири акча таратышты, анын акмын деп жазган катына ишенип чыкты деген маалыматтарды айтышууда. Кайсынысына ынансак болот?
- Эгер биздин бала деп колдоп митингге чыгышса анда туура эмес. Анткени, ар жерде ушинтип өз туугандарын колдой берсе коррупция менен кантип күрөшөбүз. Качан коррупцияны жеңебиз? Качан эл болобуз? Качан мамлекет болобуз? Ушинтип олтура берсек Африканын мамлекеттериндей, “Самали” болобуз. Эл адилет, калыс болуш керек! Элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын биринчи орунга коюш керек. Эл да жакырчылыктын айынан 30 жылдан бери олигархтардын кулу болуп калды. Мындан ары олигархтардын кулу болбошу керек.
- Эмнегедир Бабанов дегенде эле Таластагы “Жерүй” алтын кени эске түшөт. Бүтүндөй облусту тобокелге салып, “Жерүй” кенин ачтырып, ал турсун Кыргызстан бир пайызга да ээ болбой турган келишим түздүрүүгө жетишкен Бабановду колдоо ашыкча эмеспи?
- Таластык туугандар “Жерүйдө” биздин бир да үлүш жок экенин жакшы билет. Ошондой эле, Россиялык чечен бизнесмен алтынын алып кетип, уусу Талас элине калаарын да сезишет. Ошондуктан “Кумтөрдү” улутташтыргандан кийин “Жерүйдө” да Кыргыздын үлүшү болуш керек. Мындан ары кен иштеткен жерде жок дегенде 51 пайыз Кыргызстандыкы болуш керек деген позицияны туу тутушубуз керек. Чет элдик бизнесмендер 30 жылдан бери эле чукчаны алдагандай эле алдап кетип жатышат. Аларды буга чейин сатылма бийлик тымызын колдоп келди. Эми эсибизге келип, өз ырыскыбызды эч кимге бербей, өз таламыбызды талашып, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын жогору коюшубуз керек. керек.