- Турсунбек агай, 15 жылдан бери эле сот системасы дейбиз. Бирок, сот системасын оңдомок турсун, ташталканын чыгарып бүттүк. Эмне кылсак адилеттүү чечим чыгарган сотторду пайда кыла алабыз?

- Сот реформасы кыска багытта эмес, терең багытта жүргүзүлүшү керек. Союздун мезгилинде кадр системасына өзгөчө маани берилгендиктен, адилеттүүлүк үчүн күйгөн, калыстыкты туу туткан балдарды юрфакка тапшыртышчу. Юрфактагы студенттердин ичинен да Компартия жакшы окуган балдарды институтка калтырып, аспирантурага окутуп, аспирантураны ийгиликтүү аяктагандарын сот системасына ишке алып, тандоодон өткөнүн гана сот кылышчу. Кыскасы, кадрларды сот системасында иштетип тарбиялашчу. Ошон үчүн соттор адилеттүү чечим чыгарып, жоопкерчилигин сезчү. Ал мезгилде азыркыдай Жогорку Кеңеште жана Жогорку сотто иштегендер тууганын кызматка койгонго ашыгышчу эмес. Азыр болсо жогорку кызматтагылар таныштары аркылуу сот системасына иштеп жатышат. Ал турсун милицияда иштеп же адвокат болгондор да сот болуп калган учурлар бар. Чынында адвокаттардан, милициялардан сот кылбашыбыз керек. Анткени, адвокат деген акча алып иштеген адам. Алар акчага басым коюшат. Соттор акчага басым койбогон, мыйзамды сыйлаган, кристалдай таза адам болушу керек. Тагыраагы, соттор арак ичип алып, теңселип эшигин ача албай турбашы керек. Мүмкүн Оңолбек бир күн ичип келсе, ошону айтып жаманатты кылып жатышкандыр. Негизи мамлекеттик кызматтагы адамдар бир күн эмес, бир саат да, бир мүнөт да ичип эл көзүнө көрүнбөшү керек.

- Бирок  коомго мас соттон да адилетсиз соттор жаман таасир тийгизет деп жатышат го?

 - Соттор мас болуп да жүрбөш керек. Ичип алып, видеого түшүп калган сот уялбай актанган кайрылуу таратып жатат. Бул туура эмес. Негизи сот системасын кайра калыбына келтирбесек, адилетсиз чечим чыгарган, акчаны баарынан жогору койгон соттордон арыла албайбыз.

- Баса, бир сапар Роза Отунбаева дагы соттордон отчёт ала баштады эле го? Соттор менен аңгемелешүү да оң жыйынтыгын берет деп ишенсек болобу?

- Роза Отунбаева юриспруденцияны түшүнбөсө, кантип аңгемелеше алат. Бул жерде илгеркидей соттордун кеңешин түзүп, ага жогорку билимдүү, 10 жылдан кем эмес иштегендерди киргизишибиз керек. Ал жерге азыркыдай адилеттүү кеңеш деп сот тармагында иштегендерди, партиялаштарды киргизип алып, коррупция жасоого жол бербешибиз керек. Соттордун кеңешине чыныгы иш билги соттордун курамынан турган адистерди чогултуп, сот системасын калыбына келтирип, сотторду жогоруда айткандай студент кезинен өстүрүп, мыктысын сот тармагына тартышыбыз керек. Ошондо гана адилеттүү чечимдерди кабыл алган сотторду пайда кыла алабыз.

- Баса, кечээ жакында эле тажиктер катардагы провокациясын баштап, Чоң-Алайдагы талаштуу жерге контейнерин орнотуп, элди бир аз бушайман кылышты. Неге алар ушундай нерселерге жол берип жатышат?

 - Тажиктердин куралдуу күчтөрү, бийлиги эмнегедир ойлонулбаган, кесепети оор боло турган иштерге барып жатышат. Эл аралык келишимдерди бузуп, адам укуктары декларациясын тебелеп, Кыргызстандын эгемендүү мамлекетине бир жактуу кол салышты. Бу сапар маселе учурунда чечилгени менен өткөндө кирип, канчалаган адамдарды өлтүрдү. Канчасы жаракат алды. Кыскасы, Тажикстандын куралдуу күчтөрү, укук коргоо органдары Кыргызстандын территориясына ээлик кылуу, коркутуу, шантаж кылуунун аракеттерин көрүп жатканы айдан ачык эле байкалып калды. Булардын туура эмес иштерин ООНдун комитетине берип, татыктуу баа бергиле деп жатабыз. Эми президенттен баштаган коомчулук булардын провокациясына алдырбай, эл аралык нормаларды, дүйнөлүк мыйзамдарды сактап, эл аралык стандарттан чыкпай, канга-кан деген принципке өтпөй, айкөлдүктү, чыдамдуулукту, сабырдуулукту көрсөтүүгө аракет кылышыбыз керек. Канчалаган жылдан бери кошуна жашаган эки элде күнөө жок. Күнөө булардын жетекчилигинде, укук коргоо органдары жана күралдуу күчтөрүндө.

- Буларды кайсы бир мамлекет түркткүлөп, бизге каршы тукуруп жаткан жокпу? Анткени, “Путин тажиктерди кыргыздарга каршы коюп жатат”- деген маалыматтар байма-бай айтыла баштады го?

- Мен Россия тажиктерди кыргыздарга каршы тукуруп, түрткүлөп жатат деген пикирге кошула албайм. Путин Рахмонду жакшы кабыл алып, күлүп-жайнашып, 6-7 саат бирге болду. Биздин президентти формалдуу түрдө кабыл алды. Бирок, ошондой болсо да, Россия эки жакка тең нейтралдуу мамиле кылуунун аракетин көрүп жатат. Биздин да куралдуу күчтөргө жана Баткенди калыбына келтирүүгө жардам берем деди.

 - Бирок, тажиктердин да куралдуу күчтөрүн күчтөөгө убада бериптир го. Эми алар ал куралдарды Кыргызстанга каршы колдонбойбу?

- Туура. Россия тажиктерге Афганистан менен согушуп кетиши мүмкүн деген ойдо курал- жарак берип жатат. Алар ал куралды бизге каршы колдонбойт деген да кепилдик жок. Бирок, ошого карабастан, Россия түрткүлөп жатат деген пикирге кошула албайм. Россия бизге да, тажиктерге дагы калыс мамиле кылат деген үмүттөмүн. Путин бир жактуулукка жол берет дегенден алысмын.

Булак: “Майдан. kg” гезити