Күзүндөгү парламенттик шайлоо 31-октябрда өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу ЖК депутаты Дастан Бекешев билдирди. Эл өкүлү ошондой эле алдыдагы шайлоо жаңы эреже, тартиптер менен өтөрүн кошумчалады.

Атап айта турган болсок, Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына партиялык тизме аркылуу же бир мандаттуу округдан шайланып келүүгө болот. Округдан аттанган талапкер өзүн өзү көрсөтө алат, же партиядан көрсөтүлүшү ыктымал. 55 талапкердин баарын партия көрсөтө алат. Партиянын талапкерлеринин тизмесин партиянын лидери түзөт.

Күрөө акчага келсек, округдан чыккан талапкер 100 миң сом төгүшү керек болсо, саясий партиялар 1 мнл. сомдон төгүшү керек. Шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, эми шайлоо өнөктүгүндө квартал комитеттеринин башчылары үгүт иштерин жүргүзө албайт. Эгерде үймө үй кыдырып, тигил же бул талапкерге, партияга үгүт кылса, анда ал административдик укугунан кыянат пайдаланды деп эсептелинет.

Ошондой эле мындан ары шайлоого катышчу адам кызматын тапшырып, андан кийин гана шайлоого катышууга милдеттүү. Буга чейинкидей кызматында калып, шайлоого катыша албайт.

Булак: “Майдан. kg” гезити