- Каныбек агай, камактагыларды колдоо митинги Таласка да жетиптир. Бабановду колдоп митингге чыккандар анын ак жеримден күйүп жатам деген катына ишенип колдоп чыгыштыбы же биздин бала деген түшүнүк менен аргасыз колдоштубу?
- Өзү кимди болбосун түрмөгө түшкүлүк кылбасын. Айрыкча, саясий мотивди колдонуп куугунтук кылгандан Кудай сактасын. Баштан өтпөдүбү. Бирок экономикалык кылмыш менен шектелсе, анда айла жок. Өмүрбек Бабанов таанымал саясатчы, ийгиликтүү бизнесмен жана сабаттуу инсан. Анын 2017-жылдагы президенттик шайлоодогу эле ийгиликтерин белгилеп койсок жетиштүү болот. Анткени, Бабановго 600 миңден ашуун шайлоочулар өз добуштарын берген. Айрыкча жаштар. Демек, бул саясатчынын өзүнүн олуттуу аброю бар. Талас эли митингге чыгам дешсе - алардын Конституциялык укуктары деп билели. Бирок, баары мыйзам чегинде болсун. Антишпесе эң зор залал Өмүрбек Токтогуловичтин өзүнө тийип калбасын?! Ал киши күчтүү саясатчы жана бизнесмен катары күчтүү юристтерди жалдап алып, өзүнүн ак экендигин далилдөө үчүн күрөшсө туура болот. Акталып чыкса аброю өсүп, саясатка жаңы күч менен кире алат. Сабыр кылып күтө туралы! Эмоцияга алдырбайлы. Азыр элдин ынтымагы биринчи орунда турат.
- Бирок Таласты тобокелге салып, "Жерүй" кенин Кыргызстанга бир пайыз да үлүшү жок кылууга салым кошкон адамды колдогонубуз ашыкча эмеспи?
- "Жерүй" боюнча долбоор эки өлкөнүн президенттеринин көз жаздымдарында калбаса керек. Элдин талабы катууласа, кайрадан карап чыкканга эмнеге болбосун! Бирок мыйзам чегинде. Бул жерде башка деструктивдик жана оома саясатчылдык күчтөргө моюн сунуунун эч бир кереги жок. "Жерүй" боюнча Кыргызстан өз үлүшүн акчалай болсо дагы татыктуу деңгээлде алуусу абзел! Ал эми ал боюнча кимиси күнөөлүү болсо, ал катуу жазалануусу турган иш!