Кыргызстандагы эл аралык “Сапат” билим берүү системасынын жетекчиси Орхан Инандынын бир жумадан ашык дайынсыз болуп жаткандыгы чындыгында эле элди тынчсыздандырып, ар кандай ойлорду жаратууда. Ал биз үчүн “Сапаттын” жетекчиси гана эмес, Кыргызстандын жараны да болуп саналат. Ал эми мамлекеттин эң негизги милдеттеринин бири, бул - өз жарандарынын коопсуздугу, тынчтыгы үчүн кам көрүү экендиги талашсыз. Азыр атайын кызматтардын өкүлдөрү, ички иштер кызматкерлери Орхан Инандыны издешүүдө, бирок андан он күнгө жакын убакыттан бери натыйжа болбой жаткандыгы эң эле кейиштүү.
“Сапат” (мурдагы “Себат”) Кыргызстанга келгенден бери заманбап билим берүүнүн брендине айланды. Андан адеп-ахлактуу, улуттук руханий баалуулуктарды мыкты өздөштүргөн, ошол эле мезгилде дүйнөлүк деңгээлде сапаттуу билим алып, кыргыз, англис, түрк тилдерин мыкты билген уланкыздар тарбияланып чыгышууда. “Сапаттын” бүтүрүүчүлөрүнүн бир бөлүгү жылда дүйнөнүн эң мыкты деген окуу жайларына тапшырышса, аларды бүткөндөр дүйнөнүн 200гө жакын компанияларында, эл аралык уюмдарында иштеп жатышат. Анын мектептеринде саясатка же башка жаман нерселерге аралашкандыгы жөнүндө уга же бир жерден окуй элекпиз.
Түркияда 2016-жылы жайында ишке ашпай калган төңкөрүштөн кийин “Сапаттын” негиздөөчүсү Фетхулах Гүлен анын уюштуруучусу катары жарыяланып, Түркиядагы ал негиздеген жана кыйыр түрдө болсо да ага тийешеси бар деп эсептелген университеттердин, колледж, мектептердин бардыгы жабылып, Түркиянын расмий бийлиги дүйнөнүн 40тан ашык өлкөсүндөгү “Сапатка” кирген окуу жайларды, мектептерди жабууну талап кылган. Ал талапты көпчүлүк өлкөлөр аткарышпады, билим берүүнүн флагманына айланып калган мектептер системасын жапкан, бул - сүт берип жаткан уйду сойгондой эле көрүнүш болмок. Фетхуллах Гүлен менен Реджеп Тайип Эрдогандын ички нааразылыктары, чатактары ал Түркиянын ички маселеси, биздин ага эч кандай тиешебиз жок. Демек, Эрдогандын амбициясы үчүн өлкөбүздөгү брендге айланган мектептерди жабуу - биздин улуттук кызыкчылыктарыбызга ылайык келбейт. Анын үстүнө Эрдоган деле бийликте түбөлүккө турбайт. Ал кеткенде Түркиянын кийинки бийлиги “эмне үчүн “Сапатты” жаптыңар эле? Аны кайра калыбына келтиргиле” десе, анда биз кандай абалда калабыз?
Кыргызстандын мурдагы бийликтери мына ушундай негиздерден улам Түркиянын азыркы бийлигинин талабын аткарган эмес. Биздин оюбузча, ал эң эле туура. Боордош, кандаш болсо да башка өлкөнүн биздин ички иштерибизге кийлигишип, кескин талап койгонго кандай укугу бар?
Жакында ЖМКларга Түркиянын атайын кызматтары дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөгү Гүленге тийешеси бар деп эсептелген адамдарды уурдап, алып чыгып кетип жаткандары кабарланды. Ал маалыматтарга караганда, андай уурдалган адамдардын саны 80ден ашыптыр. Ушундан улам “Орхан Инанды да Түркиянын атайын кызматтары уурдап, алып чыгып кетишкен эмеспи?”- деген маанидеги шектер да пайда болууда. Анын үстүнө айрым ЖМКлар Орхан Инанды дайынсыз жоголгон учурга удаалаш “Манас” аэропортуна Түркиядан кичинекей учак келип конуп, кайра тез эле абага көтөрүлүп кеткенин жазып чыгышты. Ал учак Түркиянын атайын кызматтарынын бортторунан эмес беле? Тилекке каршы, “Манас” аэропортунун жетекчилиги ал кабардын чын-төгүнү жөнүндө эч кандай комментарий бербей жатышат. Ал да кошумча шектерди пайда кылууда.
Бирок, Орхан Инанды саясатчы болбосо, мектептерди гана жетектесе, аны уурдап алып чыгып кеткенден эмне өзгөрөт? Же Кыргызстандагы “Сапат” системасына кирген мектептерди жетекчисиз калтырып, аларды жоюу үчүн элеби? Мындан 1930-жылдардын аягындагы кандуу репрессиялардын көрүнүшү байкалбайбы?
Биз эмнелерди ойлонбойлу, болжолдобойлу, Орхан Инанды Кыргызстандын жараны экендигин, ал түбөлүккө ушул жакта калуу үчүн биздин жарандыкты алгандыгын же анын сиз менен биздей эле укуктары, корголуудагы адам экендигин эсибизден чыгарбашыбыз керек. Эгерде АКШ, Россияны мындай коёлу, башка бизге окшогон майда өлкөлөрдүн биринин жараны чет мамлекеттин атайын кызматы тарабынан уурдалып кетсе, ал кандай эл аралык сяасый жаңжалга айланып, кандай кесепеттер болорун элестетүү да кыйын. Анткени, өз жаранын башка өлкөлөр тарабынан уурдалышына жол берген мамлекет сөздүн толук маанисиндеги эгемендүү, көз карандысыз мамлекет эмес.
Орхан Инанды изделүүдө, бирок күн өткөн сайын анын аман -эсен табылуусуна үмүт азайып баратат. Эгерде анын дареги башка өлкөдөн чыкса, ал биздин мамлекетти мазактаганга, жаакка чапканга тете көрүнүш болот.
Тынчтыкбек Бешкемпиров, Булак: “Майдан. kg” гезити