“Центерра Голдинг Инг” жакында өзүнүн курамындагы “Кумтөр Оперейтинг Компани” менен “КГК” деген компаниясынын банкроттукка учурагандыгын билдириптир. Алтын дүйнөлүк рынокто күндөн күнгө кымбаттап жаткан учурда аны өндүргөн ишканалардын кудуретсиздикке учуроосу акылга сыйгыс көрүнүш.
Расмий маалыматтар боюнча, 2000-жылдан бери алтындын баасы 7 эсе өскөн. Көрсө, ал “Центерранын” санкциялардан жана соттук териштирүүлөрдөн кутулуу үчүн көргөн айлаамалдарынын биринен экен. Анткени, банкротко учураган ишкана жөнүндө доо арызды сот карабайт дешет. “Центерранын” чечиминин артында башка айла амалдар, куулук-шумдуктар да же ишкананын банктык эсептерине, ар кандай операцияларына бөгөт коюу үчүн да андай чаралар көрүлүшү ыктымал. Анткени, банкротко учураган ишкана менен эл аралык каржылык уюмдар, банктар эч кандай мамиле түзбөстүгүн бала деле билет. Бирок, эмне үчүн “Центерра” Кумтөрдү банкрот деп жарыялап алып, Кыргыз Өкмөтүн Торонтодогу эл аралык арбитраждык сотко берген?
Эл аралык аферисттердин биз билгенден билбеген айла-амалдары көп. Бир жагынан өзүндөгү эки ишкананы банкрот деп жарыялап алып, экинчи жагынан “Кумтөр” үчүн Кыргыз өкмөтүн арбитраждык сотко бергендин артында алардын башка кутумдук максаттары бар экендиги эч кимде шек туудурбайт. Бирок, кыргыз өкмөтү тийиштүү адистер менен биргеликте “Центерранын” тактикалык, стратегиялык айла амалдарын, чечимдерин убагында аныктап, аларга карата превентивдүү чараларды көрүшү зарыл. Маселен, “Кумтөр” алтын кени иштетилип жаткан жер участокторун Экологиялык геноциддик зона катары жарыялап, ага дүйнөлүк коомчулуктун, биринчи кезекте айлана чөйрөнү коргоо жаатындагы эл аралык уюмдардын көңүлдөрүн бурса, ал пропагандалык багыттагы эң таасирдүү чаралардан болмок. Анан “Кумтөргө” чектеш участоктордогу түбөлүк муздардын жок болуусун, анын Борбордук Азияга тйигизген терс таасири боюнча роликтерди даярдап, аларды дүйнөлүк медиа мейкиндиктерге чыгарып, “Центерра” боюнча терс имиджерди түзсө, ал биздин пайдабызга гана иштейт.
“Центерранын” жетекчилиги Кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүүгө даярдыгын бир нече жолу билдирди. Бирок, биздин оюбузча, кырдаал сүйлөшүү стадиясынан чыгып кетти. Сүйлөшүүлөр эч натыйжасын бербейт, “Центерра” Кыргызстан койгон талаптарга макул болбойт, ал эми биздин өкмөт “Центрранын” кезектеги сөөк ыргыткан шартына көнбөйт. “Центеррадагы” Кумтөрдүн эсебинен алды ай сайын 300-400 миң доллардан айлык, миллиондогон бонустарды алып жаткандар “оңой менен жан беришпейт”. Маселе, арбитраждык сот аркылуу гана чечилет. Арбитраждык соттун кароосу бир нече жылга созулушу мүмкүн. Убакыт бизге гана иштейт. Соттук кароо канчалык кийинкиге жылдырыла берсе, бизге ошончолук жакшы. Эгерде арбитраждык соттун кароосу 4-5 жылга созулуп кетсе, “Кумтөрдөгү” негизги алтындын корун талашуу практикалык жактан өз маанисин жогото баштайт.
Арбитраждык сот “Центерранын” пайдасына чечим чыгарса деле аны аткарбай коюунун жолдору көп.
Биринчиси, “Кумтөр” ишканасын толук банкрот деп жарыялап, анан мынча көлөмдөгү каражат менен аны кайра ордуна келтиребиз деген шылтоо менен улутташтырып салса болот. Кудуретсиздикке учураган ишканадан эч кандай сот эч нерсе өндүрө албайт.
Экинчиси, Кыргызстанды кудуретсиз деп жарыялоо. Анда эл аралык финансылык уюмдар “Кумтөргө” карата доону кечмек түгүл, Кыргызстандын сырткы карыздарын да сурай албай калышат. Бирок, анда кредит, грант бергендерин токтотуп салышат. Чын-чынына келгенде бизге мындан ары Кытай менен Россиядан башка өлкөлөрдүн кредит бериши деле күмөн. Кытайдын карызын эптеп жаап, же реструктуризациялап, анан банкроттукту жарыялагандан сезилерлик деле жоготууга учурабайбыз. Эгерде андай чаралар өтө эле радикалдуу, өлкөнүн сырткы имиджине доо кетирет деп эсептелсе, тоталдык бойкот жарыялоо аркылуу деле “Центерраны” “Кумтөргө” жолотпой, алар келсе деле “Кумтөрдү” убактылуу иштетпей койсо болот. Албетте, ал Кыргызстандын бюджетине убактылуу оор сокку болот, бирок, бул чатакты жеңил чечүүнүн жолу жок. Ал чатакка аралашкандан кийин аягына чейин бекем туруп, орустар айткандай, “если мытьём, то катаньем” болсо да жеңгенге толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ушунча болгондон кийин андай мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланганга даяр болуу гана керек.
Мирлан Дүйшөнбаев, Булак: “Майдан. kg” гезити