Кыргызстанда көз карандысыздыктан бери соттук-укуктук системаны реформалоо боюнча аракеттер көрүлүп келет. Же жаңы шайланган ар президент соттук системаны, укук коргоо органдарын реформалоо жөнүндө демилге көтөрүп, кеңештер түзүлүп, талкуулар өткөрүлүп, айрым укук-чеченемдик актыларга алымча кошумчалар киргизилет, бирок... Ачыгын айталы, соттук системанын же укук коргоо органдарынын иштеринин жакшырып кеткенин көрө элекпиз. Акыркы жолу андай аракеттер 2014-жылы Еврошериктештиктин колдоосу, демөөрчүлүгү менен башталган, же ал уюм бөлгөн 13 миллион евросуна көптөгөн талкуулар, отурумдар өткөрүлүп 7 кодекс кабыл алынган. Андан кийин соттук кароолорду видеолорго жаздыруу да киргизилди. Бирок, алардын сезилерлик оң натыйжасын көргөнүбүз жок.

Биздин оюбузча, системаны канча оңдоп - түзөгөн менен адамдык фактор сапаттык жактан кескин өзгөрбөсө, идеалдуу укук-ченемдик актыларды кабыл алып, судьялардын иштерин видео жабдуулар менен аңдып отургандан деле эч нерсе чыкпай калды. Отчеттордо республикабыздагы бардык соттордо видео жабдуулардын орнотулгандыгы айтылат, бирок алардын канчасы иштеп жатат? Же судьялар өздөрүнө жакпаган учурларда видео жабдууларды өчүрүп коюшуудабы?

Бул өзүнчө сөздүн темасы, бул багытта да тынчсыздандырарлык көрүнүштөрдүн бардыгы эч кимге жашыруун эмес. Деги биздин шартта соттук системанын иштөөсүн Батыштын алдыңкы өлкөлөрүндөгүдөй деңгээлге жеткирсе болобу? Бирок, андай деңгээлге жеткирүү үчүн биринчи кезекте жарандарыбыздын моралдык, адеп-ахлактык сапаттары, мыйзамдуулукка болгон мамилелери да Батыштын элиникиндей болушу керек да. Маселенин баары мына ушунда турат. Жакшы ой-тилектер, каалоолор менен адамдык материалдын сапаты шайкеш келбей жатат

7-июнда президент Садыр Жапаров соттук жана укуктук системанын иштерин өркүндөтүү боюнча Кеңештин отурумун өткөрдү. Ал соттук системанын жана укук коргоо органдарынын иштерин реформалоо иштерине 2011-жылы парламенттин профилдик комитетинин жетекчиси катары аралашкан. Ал ошондо эле бир катар негиздүү сунуштарды киргизип жүргөн. Ал мурдагы күнкү отурумда сүйлөгөн сөзүндө укук коргоо органдарынын иштериндеги терс көрүнүштөр элдин мыйзамдуулукка гана эмес, мамлекетке болгон ишенимин да төмөндөтүп жаткандыгын белгиледи. “- Элибиздин маанайына бекем орногон: Мыйзам буйлалаган төө, кай жакка жетелесең ошол жакка кете берет” деген түшүнүктү жоюуга баардык мүмкүнчүлүктөрдү жумшообуз керек,- деди ал өз сөзүндө. - Биз Конституциялык түзүлүштүн негиздеринин омоктуулугун бекем сактап, тартипти, жарандардын жана юридикалык жактардын жекече жана мүлктүк укуктарын ишенимдүү коргой турган соттук органдарды түзүүбүз зарыл”.

Президенттин айтымында, ал үчүн соттук системаны жана укук коргоо органдарын алмаштыруу керек. Ал милдетти ырааты менен жүзөгө ашыруу үчүн биринчи кезекте укук-ченемдик актыларды инвентаризациялап, алардагы ички карама-каршылыктарды четтетип, анан мыйзамдык базаны жакшыртуу боюнча учурдагы жана келечектеги милдеттерди, багыттарды аныктоо талап кылынат.

Ошентип, соттук системанын, укук коргоо органдарынын иштерин жакшыртуу боюнча кезектеги аракеттер башталды. Анын жыйынтыгы кандай болот? Албетте, аны мезгил көрсөтөт.

Тынчтыкбек Бешкемпиров,  Булак: “Майдан. kg” гезити