Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 333

- “Кумтөр” боюнча камакка алынгандар заматта элдик уулга айланып, алардын боштондугун талап кылган митингдер өтө баштады. Бабановду да элден аянбаган элдик уул дегендердин катарына кошсок  болобу?

- Бабановду элден аянбайт, элдик уул дегендердин катарына  кошо албайт элем. Анткени, Бабанов Кыргызстандагы  жооптуу жана даражалуу кызматтарды аркалаганына карабай элге жакшылык деле кылган жок. Тескерисинче ортомчу түшүп, “Жерүй” алтын кенин Россиялык чечен бизнесменге ит бекер алып бергенге жетишти. Эгер чындап элдик уул болсо, жеке кызыкчылыгын эмес,  элдин кызыкчылыгын жогору коймок да. Чындап элдин түйшүгүн  жеңилдетет элем десе  заводду Пензага эмес, Кыргызстанга курмак да. Туурабы? Эми «Кумтөрдөн» дагы 100 млн. доллар пара алган деген маалыматтар айтылып, камакка алынды. Анысы чын болуп чыга турган болсо,  эркиндикке чыкмак турсун, жоопкерчиликке тартылышы керек.