- Төрөбай мырза, Таласта дагы  Бабановду колдоо  митинги болуптур. Эл анын камакта жатып жазган катына ишенип жатабы же камалып калганы үчүн аргасыз колдоп жатышабы?

- Мага жеткен маалыматтар боюнча митингдин катышуучуларынын көпчүлүгүн  Кара-Буура районунан 500 сомдон берип алып келиптир. Бирок митинг менен эле маселе чечилип кетээрин Кудай билет. Себеби, Бабановду кудай колдоп, көп шанс берген. Болгону, өзү коркоктугунан, коён жүрөктүгүнөн ошол мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана алган эмес. Эми корксо да,  бара турган жерине барды. 

- Бүтүн Талас эли саясатчы катары Бабановду колдойбу, ага ишеним артабы?

- Менин байкашымча Бабанов десе ичкен ашын жерге койгон тарапташтары деле анчалык деле көп эмес. Анткени, мен Суваналиев менен шайлоодо жүргөндө Бабановду жактап, ага ишеним арткан кишилер өтө эле аз экенин байкагам.  Анча-мынча акчага азгырылгандар эле анын таламын талашпаса, Талас элинин баары Бабановду колдойт дегенге ишенбейм. Анткени, Бабановдун айынан  «Жерүй»  орусиялык чечен бизнесменге берилип кеткен. Ал үчүн Талас эли кечирбейт. Ошондой эле, 600 миң киши колдоп добуш берсе да, коён жүрөктүгүн карматып, качып кеткени үчүн да эч кимдин кечиргиси келбейт. Менимче Бабановдун доору бүткөн.