Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 99

Тажикстан тынч жаткан элибизге кол салып, үйлөрдү өрттөп, күнөөсү жок адамдарды атып өлтүргөн менен убакыт өткөн сайын эмнегедир бул кандуу окуя, эч нерсе болбогондой унутулуп баратат. Баарынан да тиешелүү мамлекеттик органдар тажик президенти Эмомали Рахмондун канкордугун Эл аралык кылмыш соту, адам укугу боюнча Гаага сотуна берүүдөн айбыгып турушат. Бул мамлекетибиздин тагдырына, маркумдардын арбагына кайдыгерлик болуп саналат. Ооба, өкмөтүбүз Тажикстан менен чек араны жаап, алардын бизден эрте бышкан алча, картошка, пияз, помидор, бадыраң, капуста сыяктуу жашылча-жемиштерин өткөрбөй койду. Бирок мындан карапайым тажик дыйкандары гана зыян тартканы болбосо, көзү канталаган Рахмондун кылы да кыйшайып койгон жок. Анын ушунчалык ырайымсыздыгын ушундан билсек болот, өткөн жумада тактала элек Чоң-Алай районунун аймагына аскерлерин 1000 метр киргизип, дагы бир ирет кыргыздарга тийиштик кылды.

Анткен менен кыргыз эли бийликтен Кудай айтпаса да, эл аралык деңгээлде юридикалык билим алган кыздары бар экен, 6-июнда Конституциялык укук боюнча эксперт, юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиева кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны тергөө үчүн эл аралык кылмыш сотуна кайрылуу жолдоду.

Ал бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына минтип жазды: «Бүгүн, Рим статутунун 15-беренеси менен пайдаланып, Эл аралык Кылмыш Сотунун Прокуроруна Тажикстандын аскер кызматкерлери жана башкы командачылары Кыргыз Республикасынын жарандык калкына каршы аскердик кылмыштарды кылгандыгы үчүн тергөө ишин баштоо өтүнүчү менен кайрылуу (communication) жөнөттүм. Маалымат чогултууга жана кайрылууну жазууга жардам бергендердин баардыгына (алардын аттарын документте көрө аласыз) терең ыраазычылыгымды билдирем», - деп жазды ал.

Бирок Сания кызыбыз ошол эле катында баса белгилегендей, анын бул өтө маанилүү ишине бир да мамлекеттик укук коргоо органдары жардам бербей, кайра бут тосуптур. Ошол эле учурда жеке адамдар, окуяга күбө болгон жабырлануучулар жана журналисттер керектүү далилдерди беришип, колдон келген жардамын беришкен. Эми Эл аралык Кылмыш Соту Тажикстандын бийлигинин кылмышына татыктуу баа берет деп үмүт кылып туралы.

Булак: “Майдан. kg” гезити