Тажикстандын 28-апрелде Кыргызстандын аймагына кол салып, тынч элди атып өлтүргөндүгүнө, мектеп, үй-жай, социальдык объектилерди талкалап, өрттөгөндүгүнө эмнегедир кошуна өлкөлөр, эл аралык уюмдар маселени тынчтык жолу менен чечүүнү колдошорун билдирген менен ким күнөөлүү экендигин айтып, үн ката электиги таң каларлык болууда.

Анткен менен айтылуу террордук деп аталган “Талибан” кыймылы Тажикстан менен Кыргызстанды көйгөйлөрүн диалог жолу менен чечүүгө жана эки өлкөгө тең пайдалуу логикалык чечим издөөгө үндөгөн кайрылуусу күтүлбөгөн жаңылык болду.

Бул тууралуу Талибандын расмий өкүлү Забехулла Мужохид 5-июнда Твиттер социалдык тармагы аркылуу кайрылуу жасады.

Анда: “Ислам Эмирлиги (уюм өзүн Ислам Эмирлиги деп атайт) эки Ислам жана бир тууган өлкөлөрдү ортодогу көйгөйдү диалог жолу менен чечүүгө аракет кылууга чакырат”, - деп жазылат.

Забехулло Мужохид өзүнүн кайрылуусунда андан ары мындай деп жазган: "Согуштардын зыянга учуратуулары боюнча бизде чоң практикалык тажрыйба бар, согуштун башталышы жеңил сезилиши мүмкүн, бирок согуштун чыныгы жүрүшү, анын кесепеттери жана жоготуулары алда канча көп болот".

Албетте, “Талибан” өзү террордук уюм болгон менен кыргыз-тажик элине айткан сунушу пайдалуу экендигинде талаш жок. Кокус тараптар маселени тынчтык жолу менен эмес, күч колдонуу, согуш менен чечүүгө өтсө, анда эки тараптан тең бейкүнөө адамдар каза болуп, анын кесепети узак жылдарга созулушу белгилүү. Бул тууралуу “Талибан” кыймылы өз башынан өткөндүктөн эскертип жатат.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити