"Бабанов "Кумтөргө" байланышкан коррупцияга шектелип камакка алынды, учурда анын иши тергелип жатат. Тергөө бир жактуу жыйынтыкка келе электе эле анын коргоочулары пайда болуп, боштондук талап кыла башташканын кантип түшүнсө болот?" - дейт Бактыбек Сулайманов. 

"Бул киши Кыргыз мамлекети эгемен болгондон бери эле Акүйдө жүрөт, премьер-министр да болду. "Кумтөрдөгү" коррупциянын баарын эле билген, болбосо Садыр Жапаров депутат болуп турганда Кыргызстандан уурдалып бараткан алтындарды так далилдеген документтерди көтөрүп барганда, көңүл бурбай койбой, өкмөт башчы катары аракет жасамак да. Ошол убакта айтпады беле: "Кумтөрдүн" 20 миң акционери бар экен, биз ошолорду коргошубуз керек", - деп. Эмнеге өлкөнүн эмес, акционерлердин кызыкчылыгын коргойт? Демек, коррупцияга аралашкан. Бажыдагы, чек арадагы, "Кумтөрдөгү" коррупциялардын баарына эле аралашкан деген ой кетет. Кантип ушундай киши таза болот? Таза эмес адамды кантип колдоп жатышат? Кыргыз эли ууруларды колдой берсек, коргосок, арам акчасына алдансак келечегибиз кандай болот?" - деди ал.