Тилекке каршы, элибиз ушунчалык баёо, ишенчээк. Ишенип колдоого алгандары, добушун бергендери ишеничтерине суу сээп, үмүттөрүн актабаса да колдоого алып, алардын айткан, дегендерине ишенгендерин уланта беришет. Элибиздин ишенчээктигин биздин саясатчылар жетишерлик эле пайдаланып келишүүдө.
Бүгүн карапайым эл Асылбек Жээнбеков менен Өмүрбек Бабановду колдоп, алардын ак, таза экенин, күнөөлөрү жоктугун айтышып, кичи мекендеринде митингдерди өткөрүп жатышат. Ал митингдерди кармалгандардын жакындары уюштурушса, карапайым эл аларга курал болуп берүүдө. Аныгында эл митингге чыгып, Бабанов менен Жээнбековдун жер жайнаган, миллиондордун башын чапчыган байыктарын каяктан, кантип алгандарына кызыгышып, байлыктардын мыйзамдуулугун далилдеп берүүнү талап кылышса, мына ошондо акыйкаттык болмок, мына ошондо эл элдигин көрсөтмөк…
Коррупция менен күрөшүүдө элдин «башкаларды кармап камай бергиле, бирок биздин балага тийбесеңер болду» деген көз караштан баарына тегиз карап, бийликтен мыйзамдуу, адилеттүү тергөө-иликтөө иштерин талап кылчу деңгээлге көтөрүлүүгө убакыт келди. Элибиз качан «Коррупцияга аралашкан болсо жооп берсин!», «Колу менен кылганды мойну менен тартсын!», «Жегендери, уурдагандары далилденсе, кустурулсун!» деген позицияны карманат? Кокту-колоттук, уруулук деңгээлден көтөрүлө албоо – өлкөбүздүн өнүгүүсүн артка тарткан көрүнүш экенин качан аңдайбыз? Качанга чейин мыйзамсыз, коррупциялык жолдор менен байып, маарыгандардын жактоочулары болуп жүрө беребиз?
(Фейсбуктан алынды)