-Ташболот агай, Чоң-Алайдагы тажиктердин аракетинен улам, аларды Россия түрткүлөп, Кыргызстанга тукуруп жатат деген кептер айтылды. Ынансак  болобу?

-Орто Азиядагы СССРдин курамында болгон Орто Азияда жайгашкан 5 республиканын ич ара абдан ынтымакта болгону Россия үчүн кызыктуу эмес. Муну түшүнүү үчүн көп акылдын же саясий кыраакылыктын деле кереги жок. Ошондой эле  кошунан менен күндө жакалашып, чыр чатак менен жашаган  да туура эмес. Ошондуктан кызыкчылыктардын балансын табуу керек. Маселе азыркы бийлик  ошол балансы таба алабы же жокпу ошондо. Кыскасы, Кыргызстан бирөөгө вассал болуп, бирөө менен жакалашып жашоо ийгилик, өнүгүү, аброй алып келбейт. Тарыхка назар салсак 100 жылдык согуштан кийин да акыр аягында сүйлөшүү менен маселе чечилген.