Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 249

“Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылган. Centerra Gold ишканасына коюлган экологиялык доонун негизги өзөгү ушунда. Окуянын чоо-жайына токтолсок.

Казылган карьердин жанында Ак-Шыйрак тоо массивинин Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү жайгашкан. Бул мөңгүлөрдүн этектерине 1995-жылдан 2017-жылга чейин калдыктар төгүлүп тургандыктан, алар эрип жок болгон. Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманованын айтымында, кен казыла баштагандан тартып Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнүн 186 млн кубометри эриген. Бирок, алар (Centerra) муну калдыктар эмес, бош тектер деп атап жатышат, бул жалган билдирүү. “Кыргыз Республикасынын Суу мыйзамынын 46-47-беренелерин, Суу кодексинин 67-беренесин бузушту. Бул үчүн санкция эсептелинет. Өкмөт бекиткен методика менен эсептегенде бүгүнкү күндө Кыргызстан 261 млрд 700 млн сом жоготту. 2 млрддан көп таштандылардын калдыктары турат, алар уламдан жылып атат”. – дейт Д.Кутманова.

Экологиялык талаптарга ылайык, калдыктар үчүн мөңгүсү жок атайын жер тилкеси тандалып, бийиктиги 60 метрден ашпаган кылып топтолушу керек болчу. Компаиия бул калдыктарды зыян алып келбегидей жерге 95-жылдан бери эле төгүшү керек болчу, бирок, алар 2017-жылдан баштап гана аракет кыла башташкан. Динара Кутманова белгилегендей, кенди иштетүүдө алар он километр жерге жылгысы келген эмес. Мүмкүн күйүүчү майды үнөмдөгүлөрү келген.

Ошондой эле, Кумтөр кениндеги суу сактоочу жайдын үстүндө Петров мөңгүсү жана Петров көлү жайгашкан. Петров көлүндөгү суу көбөйүп, уу калдыктар сакталган жайга куюлушу мүмкүн экендигин учурда экологдор эскертип жатышат. Петров көлү менен уу калдыктары сакталган жайдын аралыгы беш чакырым. Кумтөрдөгү Петров мөңгүсүнөн пайда болгон көлдүн суусун тазалап, ишкана ичүү жана өндүрүш үчүн пайдаланат. Көлдүн аянты 400 гектардан ашык, 65 млн куб суу бар. Динара Кутманова Кумтөр ишканасы Суу кодексине ылайык акча төлөшү керек болчу деп эсептейт.

2021-жылы түзүлгөн Кумтөрдү иликтеген мамлекеттик комиссия жалпы “Кумтөр голд” ишканасы Кыргызстанга 4 млрд 252 млн 800 миң доллар төлөп бериши зарыл деп доо койгон. Мунун 3 млрд 86 млну экологиялык зыян деп эсептелген. Бирок, бул доону Centerra Gold четке кагып, эл аралык арбитражда териштирүүнү баштаганын жарыялаган.

Кыргызда “Уурусу күч болсо, ээсин доого жыгат” дегендей, “Кумтөр голд” ишканасы мөңгүлөрдү уу калдыктар менен каалагандай эритип, экологиялык зыянга учуратканын мойнуна албай, эл аралык арбитражда териштиребиз деп жатканын бет тырмарлык дегенден башка азырынча эч кеп айта албайбыз.

 

Гүлзада Турдалиева