Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 125

Камчыбек Ташиевди кантээр экен, тажрыйбасы азыраак деп камтама болдук эле...  Бирок бийликке келгенге чейин эле чек ара чыры болгон жерге алгачкылардан болуп жетип барып, элге дух берип жүргөн. Анысын тануу мүмкүн эмес, албетте. Бийликке келгенден кийин Тажикстан менен болгон тирешүүлөрдө реалдуу сыноого туш болду.  Жеке пикиримде, андагы  кыймыл -аракети, чечимдери жакшы деген баага татыды.

Дагы такшалып, ушул багытта туруктуу кызмат кыла турган болсо ар дайым эл алдында төшүн тоскон, борбордо эмес, жеринде жүрүп маселе чечкен, жалтанбаган генералдуу болот окшойбуз деген ойго келдим.

Болгону, "душмандарга" айбат берчү образды чагылдыруу керек! УКМК - жашырындуулукту, сырдуулукту талап кылган орган. Төраганын дагы образын ошондой берүү милдет.