- Марлен Абдрахманович, тажиктер неге Чоң-Алайдагы талаштуу жерге контейнер орнотуп, аскерлерин алып келип, сөзгө турбагандай түр көрсөтүштү?
- Жолдор жабылып, тамак-аштан наркотрафикке чейин сатып же сатып алалбай кыйын акыбалга кептелишти. Чек аралар жабылганы Чоң- Алайдагы Кытайдан жүк ташый турган жолу да буулуп калды. Ошон үчүн 1-2 км Кыргызстандын территориясына кирип, аскалуу-тоодон эмес, тоо кыры менен Кытайга жол куруп алабыз деген ойлору болгон окшойт. Ошон үчүн контейнерлерди жайгаштырышса керек.
- Кытай менен Тажикстанды байланыштырган башка жол жокпу?
- Тажикстан аркылуу жол бар. Бирок ал жак алыс жана татаал. Ошон үчүн таварды биз жактан алып өтүшчү.
- Айтмакчаы эмнегедир Тажикстанды Россия тукуруп жатат деген да маалыматтар айтылып калып жатат го?
- Ошондой да маалыматтар бар. Негизи эле чоң державалар башка мамлекеттерде тынчтык болбой ар дайым жаңжал болуп турушун, башкалар аларга кайрылып туруусун каалашат.