- Тажиктер Чоң-Алайдагы талаштуу жерге контейнер орнотуп башташыптыр. Алар чек ара жабылып, наркотрафиктин жол буулуп калган үчүн ушундай кадамга барып жатышабы же алардын максаты башкабы?

- Тажикстан мындай мамилени биринчи жолу кылып жаткан жок. Жакында эле бир топ келишимдерге эки тарап кол койгон, ошого карабастан Тажикстандын  кечээги кылып жаткан кылыгы акылга сыйбаган нерсе. Албетте, буга чейин ээн эркин каалаган убакта каалаганча өздөрү билген ар түрдүү товарларды тоскоолдуксуз Кыргызстан  аркылуу ташып турушканы чын. Айта кетчү нерсе баңгизат да үзгүлтүксүз ташылып турган. Болгону, жаңы келген бийлик менен тил табыша албай калып, башкача айтканда азыркы бийлик эч кандай компромисске барбай койгондон кийин ар түрдүү провокациялык кадамдарга барышууда. Буга эң чоң себептердин бири Рахмондун тегереги көзөмөлдөгөн баңгизат болууда. 

- Айрым аналитиктер Чоң-Алайдагы жагдайды Орто-Азияга бүлүк салууну каалаган  бузук саясаттын ишке аша башташы  деп баалап  жатышат. Кимдир бирөөлөр тажиктерди бизге карата тукуруп жатабы? 

- Орто Азия мамлекеттеринин арасында  согуштун кимге кереги бар деп ойлойсуз. Албетте, башкаларга салыштырмалуу орустарга көбүрөөк  керек. Себеби, ансыз да Орусия дүйнөлүк аренада аброю өтө төмөн түшүп кетти. Бул биринчи  маселе. Экинчиси,  Кыргызстанга келген жаңы бийлик Орусияны мурдагы президенттердей укпай жатканы да баарыбызга белгилүү.  Орусиянын максаты Кыргызстанды колдон чыгып кетпесин деген максаттагы аракетин көрүп жаткансыйт.