Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 250

УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМКсынын башчысы Ятимов менен жолугушту. Бул жолугушуу натыйжалуу болгонун Ташиев коомчулукка кайрылып жатып билдирди. 

"Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, эки күндөн бери кыргыз-тажик чек арасында, Чоң - Алай районунун Карамык айылындагы постто чоң чыңалуу болду. Биз мүмкүн болушунча кырдаалды курчутпай, элдин коопсуздугун камсыз кылууга аракет кылдык. Кечээ тажик тараптын чек ара маселелерин чечүү боюнча өкмөттүк комиссиясынын жетекчиси Саймумин Ятимов менен жолугушканбыз, бирок сүйлөшүү майнапсыз болуп калды. Ошондуктан, үч айылдын элин көчүргөнгө аргасыз болдук. Бирок бүгүнкү сүйлөшүүбүз натыйжалуу болду жана эки тарап келишимге келе алдык. 7- пунктан турган келишим түздүк, ал бир-эки сааттын ичинде коомчулукка чыгарылат. Ошондо, кандай чечимге келгенибизди билесиздер. Ал эми азыр мен бардык тийиштүү кызматтарга өз кызмат ордуларына келүүсүнө, элди өз үй-жайларына көчүрүп келүүгө буйрук берем.

Мындан ары бүгүн кабыл алынган келишимдин негизинде иш алып барабыз. Биз үчүн эң башкы нерсе элдин коопсуздугу жана аны камсыз кылууга күч-аракетибизди аябайбыз", - деди Камчыбек Ташиев.