Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 159

Кыргыз-тажик чек арасындагы тажик тараптын кезектеги диверсиялык аракети бул жолу Кыргыз бийлигинин өз учурундагы, ыкчам аракеттеринин жыйынтыгында ишке ашпай калды. Өлкө башчысы Садыр Жапаров менен КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин кырдаалды толук көзөмөлгө алып, чечкиндүү чара көрүшкөндугунун натыйжасында Тажикстан тарап артка чегинүүгө аргасыз болгон... Бирок, биротолобу? Акыркы маалыматтарга караганда, алар тынчып калган жок, арам оюндары эми даана уланат! Бүгүнкү окуялар, Баткендеги чыр болгону "разведка перед боем" болгон!!!

Мунун дагы бир далили - буга чейинки Баткен окуяларынын тушунда ичтен чыга калып, коомчулуктун көңүлүн адаштырып, Камчыбек Ташиев тууралуу ачык чагымчылдык маанайда маалымат таркаткандардын кайрадан баш көтөргондугун айтып кетсек болот. Ар кандай соцтармактагы группалары аркылуу алар кайрадан чабуул баштады. Тажикстан бийлигинин тапшырмасын аткарып жатышат, себеби, Ташиев эч качан кечээтен бери талашка түшкөн аймакты аларга таандык деп айткан эмес. ЭлТР каналына берген маегин айтышат, көрүп чыксаңар болот, эл менен жолугушууда так айткан: "Тажикстандын акысы жок болсо да, такталбаган аймакка кирип, ээлеп алгысы келди!" А ушакчылар болсо муну теңирден тескери жазышып, Ташиевди айыптап, кетирүү керектигин айтышыптыр. Кетсе ким биринчи жыргайт? Албетте ушул ушактарды жаздырып аткандар! Алардын баары кыргыздын душмандары! Алар кимдер? Алар - тажик бийлиги, ошол аймакта иш кылган наркобарондор, ошондой эле акыркы убактарда кыргыз элинин ырыскысын жеп ичип жүргөн коррупционерлер!!!

Өз уулдарыбызды коргойлу! Душмандарга каршы аягына чейин туралы!

(Фейсбуктан алынды)