УКМК башчысы Камчыбек Ташиев баштаган делегация Чоң-Алай районуна жетти. Ал жергиликтүү тургундар менен жолугушууда: “Биз Тажикстандын УКМКсынын башчысы Саймумин Ятимовду чакырды. Ал азыр жолдо. Аны менен сүйлөшүп, маселени тынчтык жолу менен чечүүгө аракеттенебиз”, - деди.
Ошондой эле, ал чек арадагы маселелер бир гана ушул райондо эмес, жалпы өлкө боюнча актуалдуу экенин белгиледи. Айтымында, Унжу-Булактагы 1100 гектар жер мамлекеттик чек аранын такталбаган аймагы болуп эсептелинет.
“Ушул убакка чейин чек ара маселелери чечилбей келген, эми чечүүгө туура келип жатат. Тажикстан Унжу-Булактагы такталбаган аймакты өз картасы боюнча 1924-жылдан жана 1989-жылдан аларга өткөнүн айтып жатышат. А биз ал жер биздики, такталган эмес деп жатабыз. Биздин аймакта пост турат, алардын аймагында да пост бар. Алардын ортосунда такталбаган аймак. Акыркы убакта алар такталбаган аймакка киришип, өзүмдүк кылып алгылары бар. Бүгүнкү окуя да ошондой аракеттердин бири”, - деп белгиледи.
Эске салсак, Ташиев баштаган делегациянын курамында министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев жана жер ресурстары боюнча Мамлекеттик агенттиктин директору Абдулат Мырзаев бар.
Бүгүн саат 03.00дө тажик тарап такталбаган аймакка контейнер орното башташкан. Аны менен алар Кыргызстандын аймагына 1000 метрге ичкери киришкен.